Акжол Махмудов сый акысын кайда жумшаарын айтып, трикосун аукционго койду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов. Архив
 Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы экенин айтып, ишке ашырууга убакыт келгенин белгилеген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов Instagram баракчасы аркылуу мамлекеттен алчу акчасын эмнеге жумшай турганын жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Акжол Махмудов🇰🇬 (@akzhol_makhmudov)

"Өзүңүздөр билгендей, Токиодогу Олимпиада мен үчүн алгачкылардан болду. Мамлекеттин акчасына үй-бүлөмө там алып берейин деп жатам. Анткени алар бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага батирде жашап келген", — деп жазган балбан.

Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы болгонун белгилеп, өзүнүн Олимпиадада кийген трикосун аукционго коюп жатканын да жазган.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум
"Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар", — деп жазган спортчу.

Ал аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалына чыгып, күмүш медаль тагынган.

Кыргыз өкмөтү Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган. Ага ылайык, күмүш медаль тагынган Акжол Махмудовго мамлекет 7 миллион сом берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0