Кыргызстандык эки кыз дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

© Фото / United World WrestlingЧемпионате мира по борьбе среди молодежи в Уфе
Чемпионате мира по борьбе среди молодежи в Уфе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Коло байге үчүн беттештер түштөн кийин болот.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашат. Бүгүн ал көңүл жубатуучу беттеште Шри-Ланка балбаны Нетми Ахинса Фернандо Порутотэйжди 15:4 эсебинде техникалык артыкчылык менен утту. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму түз алып көрсөттү.

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Калмира Билимбек кызы жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту
Сезим Жуманазарова эми чемпионаттын коло байгеси үчүн польшалык Патриция Ева Стрельчик менен таймашат.

Кыргызстандык кыз баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп, чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Руссо финалга чыгып, Сезим көңүл жубатуучу беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алган.

Эскерте кетсек, 53 килограмм салмакта күрөшкөн Айжан Сабырбек кызы да коло байге үчүн түркиялык Эмине Чакмак менен кармашат. Айжан кечээ жарым финалдык беттеште молдовалык Михаэла Самолиге жеңишти алдырган.

Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 57 килограмм, Сабырбек кызы 53 килограмм салмакта ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0