Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Хайитхон Хусан кызы XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты

Өлкөнүн паралимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды

457
(жаңыланган 16:54 20.08.2021)
Спортчуларды машыктыруучулар Алмазбек Абиров жана Канатбек Имиянов, ошондой эле ковид офицер Кундуз Абирова коштоп кетти.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Хайитхон Хусан кызы XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Спортчуларды машыктыруучулар Алмазбек Абиров жана Канатбек Имиянов, ошондой эле ковид офицер Кундуз Абирова коштоп кетти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго желек тапшыруу учурунда
© Фото / Пресс-служба правительства КР / Алишер Алиев
Ал эми Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Асеин Төрөгелдиев аларды узатты.

Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат. Мелдештер 2021-жылдын 24-августунда башталып, 5-сентябрында жыйынтыкталат.

457
Белгилер:
паралимпиадалык оюндар, Токио, Кыргызстан, сапар
Тема:
Токио – 2020 жайкы Паралимпиада оюндары (13)
Тема боюнча
6 күн калды. Өкмөт Паралимпиадага бараткан делегацияга форма алып бербей жатат
Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында

Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

115
(жаңыланган 14:43 20.09.2021)
Спортчу трассадан ийгиликтүү өтүп, бирок матка туура эмес секирип алып тура албай калган. Медиктер аны замбил менен көтөрүп кетишти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында олуттуу жаракат алды.

Жарым финалда спортчу трассага ийгиликтүү чыгып, сүйүнгөнүнөн секирип жерге туура эмес түшкөн. Ал белин кармап тура албай калганда медиктер замбилге салып көтөрүп кеткен.

Аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москвада 15-сентябрда башталган, жарыш эртең жыйынтыкталат. Ага дүйнө жүзүнөн келген 188 аскага чыгуучу катышууда.

115
Белгилер:
Москва, спортчу, чыгуу, жаракат
Тема боюнча
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

171
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

171
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Телефон жана акча. Архив

Досуңдун атын жамынып акча сурайт. Милиция телефон шылуундары тууралуу эскертти

12
Облустук милиция аралыктан туруп алдагандардын кылтагына үч киши илинип, бул боюнча сотко чейинки өңдүрүш иштери башталганын билдирди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын облустук милициясы акыркы убакта интернет жана телефон аркылуу алдамчылыкка кабылгандар көбөйгөнүн айтып, сак болууга чакырды.

Ага ылайык, учурда облус аймагында алдамчылыктын мындай түрү менен үч кишиден арыз жана даттануу түшүп, сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

"Нарын ОИИБ тургундарын жана конокторун этият болуп, интернеттеги шек жараткан шилтемелерди жайылтпоого жана белгисиз чалуулар менен билдирүүлөрдү текшерүүгө чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Шылуундар адатта ишеничке кирүүнүн айла-амалын көрөрүн эскертишти.

"Чалган адамга ар кандай утуштарга ээ болгонун кабарлап, байгени алуу үчүн акча которууну же банктык картанын номерин берүүнү суранат. Кээде жарандардын туугандарынын жана досторунун атын жамынып, оор абалга кабылганын айтып тез арада акча которуусун айтат", — деп жазылган билдирүүдө.

Нарын ОИИБ белгисиз номерлерден билдирүүлөр жана чалуулар түшсө 102 номерине байланышууну өтүндү. Ошондой эле мүмкүн болсо далилдерди сактап калуу керектигин айтты.

12
Белгилер:
ОИИБ, алдамчылык, телефон, интернет
Тема боюнча
Жер тилкелерин трансформациялап берем деп 21 миң доллар алган. Шектүү кармалды
Онлайн уурулук. Милиция шылуундар элди интернеттен карактап жатканын айтты