Футболчу Азамат Байматов Индонезиянын жогорку дивизионундагы командага өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековГол забил 7 номер Азамат Байматов на добавленной третье минуте второго тайма
Гол забил 7 номер Азамат Байматов на добавленной третье минуте второго тайма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Экс-капитан быйылкы сезонду Бишкектин "Алга" клубунда ойноп баштап, Индонезиянын "Борнео" клубунда жыйынтыктаган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын экс-капитаны Азамат Байматов Индонезияда карьерасын улантат. Ал "Барито Путера" клубуна өткөнүн аталган команда өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от PS.BARITO PUTERA (@psbaritoputeraofficial)

Футболчулар командага расмий тааныштырылган. Клубдун жетекчилиги жаңы үч оюнчу алынганын, анын бири кыргызстандык Азамат Байматов экенин белгилеген.

Команда менен кыргызстандык оюнчунун ортосундагы келишимдин шарты, мөөнөтү тууралуу азырынча айтыла элек.

"Барито Путера" жаңы сезондон тарта Индонезиянын чемпионатынын жогорку дивизионунда ойнойт. Биринчи турдагы алгачкы эле оюнунда кыргызстандык футболчунун клубу "Персиб Бандунг" менен кез келет.

Экс-капитан быйылкы сезонду Бишкектин "Алга" клубунда ойноп баштап, Индонезиянын "Борнео" клубунда жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0