UFC уюмунун беттештеринде ат салышкан кыргызстандык белгилүү мушкер Рафаэль Физиев. Архивдик сүрөт

Келгиле, баарлашалы. Рафаэль Физиев Бишкекте жолугушууга чакырды. Видео

333
(жаңыланган 16:34 21.08.2021)
UFC жылдызы 1-сентябрда Asia mall соода борборунда элди жолугушууга чакырып, кызыккан суроолордун бардыгына жооп берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. UFC уюмунун беттештеринде ат салышкан кыргызстандык белгилүү мушкер Рафаэль Физиев күйөрмандарын Бишкекте боло турчу жолугушууга чакырды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Жолугушуу 1-сентябрь күнү саат 18.00дө борбор калаадагы Asia mall соода борборунда өтөт. Спортчу иш-чара "Batyr Bashy" промоутерлик компаниясы менен кошо уюштурулуп жатканын айтты.

"Баарыңарга салам! Кыргызстан, кыргызым, Бишкек, салам... 1-сентябрда баарыңар келгиле, көргөнүмө кубанычта болом. Баарлашалы, кызыккан сурооңорду бергиле. Жолугушуу жакшы өтөт деп ишенем", — деген мушкер.

Белгилей кетсек, Физиев Кыргызстанга өткөн жумада келип кеткен. Соцтармактарда аны аэропорттон үй-бүлөсү гана тосуп алганы, бийлик өкүлдөрү ага эч кандай маани бербегени сындалды. Жарандар август айынын башында Кыргызстанга келген Хабиб Нурмагомедовдун сапары менен салыштырышкан. Бирок спортчу өзү мындай салтанаттарды жактырбай, тынч келип-кеткенди жакшы көрөрүн жана эч кимге капа эместигин билдирген.

Эске салсак, "Атаман" каймана аттуу кыргызстандык мушкер өткөн акыркы кармашында АКШлык Бобби Грин менен кез келип, аны жеңип алган. Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан. Физиев муну менен Абсолюттук мушкерлер чемпионатында төртүнчү ирет удаасы менен жеңишке жетти.

333
Белгилер:
UFC, Рафаэль Физиев, Бишкек, мушкер, жолугушуу
Тема боюнча
UFC элитасына айланууда. Белгилүү журнал Физиев тууралуу ролик чыгарды
Хабиб сыяктуу тосушкан жок... Физиев соцтармакта айтылгандарга пикир билдирди
Рафаэль Физиев UFC уюмунда 15 мыктынын катарына кирди. Жаңы рейтинг
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан марафондо. Архивдик сүрөт

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт

46
(жаңыланган 14:43 19.09.2021)
Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" коомдук фонду бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаада ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от МЗиСР КР (@mzsr.kg)

Жарым марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар, эркектер болуп өзүнчө, атайын коляскада отуруп, коштоочулардын жардамы менен жүргөндөр жана чуркоону каалагандар өзүнчө категория менен катышкан.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылган.

Жарым марафонго саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү катышкан.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков мурдараак бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, коляскада отурган 100 адамдын катышарын айткан.

46
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, марафон, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, адам
Тема боюнча
Абакирова: "Ак илбирсти сактайбыз" жарышынан түшкөн акчага эки "Нива" алынат

Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин урунттуу учурлары. Видео

81
Өткөн түнү АКШда дүйнөлүк промоутерлик компаниянын UFC Vegas 37 турнири болуп өттү. Уюм мелдештин эң кызыктуу учурларын бир видеого топтоду.

Кеченин башкы беттешинде америкалык Энтони Смит менен Райан Спэнн кармашты. Беттештин биринчи раундунун төртүнчү мүнөтүндө Смит муунтуу ыкмасы менен жеңишти камсыздаган.

Негизги карддын алкагында дагы беш кармаш өтүп, видео топтомго киргизилген.

81
Белгилер:
UFC, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео
Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

0
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

0
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты