Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым

© Фото / Сейтек ТолтоевДвухкратный чемпион мира по грэпплингу среди юношей Нурсултан Куштарбек уулу
Двухкратный чемпион мира по грэпплингу среди юношей Нурсултан Куштарбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
17 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды. Мелдештер 13-14-август күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн.

Кыргызстандык балбан килемге 63 килограмм салмак категориясында чыгып өлкө намысын коргогон. Ал биринчи күнү Gi (кимонодо) дисциплинасында кармашып чемпиондукту багындырган. Эртеси No Gi (кимоносуз) дисциплинасында күч сынашып экинчи алтын медалын тагынды.

Бул Нурсултандын алгачкы жеңиши эмес. 2019-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын баш байге ээси, ошол эле жылы Дүйнө чемпионатында (Москва) күмүш медаль алган эле.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Нурсултандын жеңиши, даярдыктары жана максаты тууралуу маек курду. 

© Фото / Сейтек Толтоев17 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды
Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
17 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды

— Нурсултан, чемпион болушуңуз менен куттуктайбыз! Азыр деле сүйүнүү толкунунан чыга албай жүрсөңүз керек.

— Финалга чейинки беттештерде жеңсем да көп сүйүнгөн жокмун. Себеби бошобой аягына чейин күрөшүп, утушум керек болчу. Анан финалды утканда айтпаңыз, эмоцияларымды кармай албай, сүйүнүчтөн көз жашымды да токтото алган жокмун.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Purple belt🥋 (@nursultan_jj)

— Азыр кайдасыз, эмне менен алексиз?

— Мелдештен кийин Москвада калдым. Машыгуумду бул жактан улантып жатам.

— Дүйнө чемпионатына машыгууларыңыз каякта өттү?

— Негизи көптөн бери даярданып жүргөм, Сокулукта залыбыз бар. Машыгуу учурунда бирөө сага жок дегенде бир жаңы нерсе үйрөтүп турбаса өсүү аябай кыйын болот. Ал эми мен акыркы убакта өзүмө өзүм машыктыруучу болдум. Анткени жарым жылдан бери агайым Самарбек Сабыржан уулу Америкада болуп калды. Өз алдынча машыккандыгым үчүн даярдыгым начар болуп, канааттанбай жаттым. Бирок ошентсе дагы агайым телефон аркылуу чалып көзөмөлдөп турду. Ыраазычылыгымды билдирем.

Бул чемпионатка келе жатканда алтын алам деген максат койгом. Канчалык көп мээнет кылсаң ошончолук жеңишке жакын болосуң. Тынбай аракет кылып, өзүмө ишенип, жараткандан да суранып келгем. Тилегим орундалганына шүгүр. 

© Фото / Сейтек ТолтоевНурсултан: келечекте билим алып, архитектор адистигине тапшырып, мыкты үй куруучу болгум келет. Мен үчүн биринчи орунда окуу, андан кийин спорт
Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Нурсултан: келечекте билим алып, архитектор адистигине тапшырып, мыкты үй куруучу болгум келет. Мен үчүн биринчи орунда окуу, андан кийин спорт

— Эң күчтүү атаандашыңыз ким болду?

22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим
— Албетте, коркуу сезими болбой койбойт экен. Grappling No Gi версиясында эң күчтүү атаандашым италиялык балбан болду. Мен башында ага 5:3 эсебинде утулуп жаткам. Ошол учурда жакындарымдын, агайымдын мага кандай ишенип, үмүт артканын, мага жумшаган мээнетин эстеп, өзүмдү колго алдым. Беттештин бүтөрүнө 37 секунда калганда атаандашымды оодарып 12:5 эсебинде озуп чыктым.

Мага көбүнчө агайым дем-күч берет. Ал "сен алгач ыймандуу, анан акылдуу бала болушуң керек. Андан кийин гана чемпион болобуз" деп көп айтат.

— Күрөштүн эки түрүнөн тең жеңдиңиз. Кайсынысы сизге жеңилирээк болду?

— Кимоносуз күрөш мага аябай эле жеңил болду. Анткени мен көбүнчө кимоночон машыгам. Анын жанында кимоносуз оңой эле болуп калат экен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Purple belt🥋 (@nursultan_jj)

— Грэпплингге кантип аралашып калдыңыз эле, келип кайра кетип калгандар болот эмеспи, сизди эмне кармап калды?

— Грэпплингге келишиме Самарбек агайым себеп болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон кызыгуум арта баштаган. Агайдын артынан ээрчип жүрүп аралашып калдым. Башка спорттун түрүнө караганда бул жакта ар кандай ыкмалар менен күрөшсөң болот, мага ошонусу жаккан.

— Балалыгыңыз боюнча да бир аз сөз кылалы. Кичинекейиңизден эле балдар менен күрөшөсүзбү?

— Мен Алай районунун Корул айылынан болом. Балалыгым ошол жакта өттү. Байкелерим күрөшчү, аларды көрүп чоңойдум. Ошондо эле күрөшкө аябай кызыгып калгам. Профессионалдуу болбосо да күрөшүп турчумун. Андан тышкары, футбол ойноп, ырдай койчу талантым да бар. Мектепте ар кандай кечелерде ырдап коём. 

© Фото / Сейтек ТолтоевНурсултан: бир туугандарым күрөшкөнүмдү түз эфирден көрүп колдоп, ыйлап да отурушуптур. Менин жеңишим ата-энемдин да жеңиши. Алар карапайым эле адамдар. Атам уста, апам болсо үй кожойкеси
Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Нурсултан: бир туугандарым күрөшкөнүмдү түз эфирден көрүп колдоп, ыйлап да отурушуптур. Менин жеңишим ата-энемдин да жеңиши. Алар карапайым эле адамдар. Атам уста, апам болсо үй кожойкеси

— Чемпионду тарбиялаган ата-эне эмне менен алектенет?

Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек
— Күрөшкөнүмдү түз эфирден көрүп колдоп, ыйлап да отурушуптур. Менин жеңишим ата-энемдин да жеңиши. Алар карапайым эле адамдар. Атам уста, апам болсо үй кожойкеси. Беш баланы чоңойтуп өстүрүштү. Мен алардын ортончусумун. Бир туугандарымдын арасынан мен эле спортко аралашкам. 2007-жылы Алайдан Кара-Балтага көчүп келгенбиз. Мектепти ал жактан окуп, кийин машыгуума байланыштуу мектебимди Сокулукка котордум. Быйыл 11-класс болом.

— Келечекте грэпплинг менен эле кетсем деп ойлойсузбу же башка кесиптин ээси болгуңуз келеби?

— Сабактарымды калтырбай, аракет кылып окуп жатам. Келечекте билим алып, архитектор адистигине тапшырып, мыкты үй куруучу болгум келет. Мен үчүн биринчи орунда окуу, андан кийин спорт. Бирок спортту эч качан таштабайм. Бул тармакта чоң максаттарым бар. Азия оюндарын жеңип, анан, буюрса, жиу-житсу олимпиадага кирсе андан да ийгиликтерди жараткым келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0