Кыргызстандын волейболчулары Борбор Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи

© Фото / пресс-служба Федерации волейбола КРКыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Мелдеш Өзбекстандын Фергана шаарында өттү.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Ата мекендик волейболчулар финалда Казакстан менен беттешти.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Кыргызстандын волейболчу кыздары Борбор Азия чемпионатында 3-орунду ээледи
Оюндун биринчи партиясында 25:13 эсеби менен Казакстан командасы алдыга чыкты. Бирок экинчи партияда кыргыз волейболчулары күчтөнүп 26:20 эсебинде утуп, эсеп санын теңеди. Үчүнчү партияда кыл чайнаш беттеш болуп эсеп саны уламдан-улам теңелип жатты. Аягында 28:26 эсеби менен казакстандыктар утуп кетти. Ал эми төртүнчү бөлүктө улуттук команда 25:16 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты.

Натыйжада жалпы эсеп 3:1 болуп Казакстан биринчи орунду ээледи.

Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өттү.

Биринчи турда дагы Кыргызстан Казакстан менен кез келип, анда 3:2 эсебинде утулуп калган. Андан соң Тажикстан, Өзбекстан командаларын жеңип финалга чыккан.

Улуттук команданы финалда колдоп-сүрөө үчүн Фергана шаарына чектеш жайгашкан Кадамжай районунун тургундары алты кичи автобус менен барышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0