Керемет оюн! Футболчу Дүйшөбековдун Бангладештеги голдору, чыгарган пастары видеодо

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКфутболчусу Бахтияр Дүйшөбеков. Архив
Кфутболчусу Бахтияр Дүйшөбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын улуттук командасынын жарым коргоочусу беттеште эки гол киргизип, дагы эки голго ыңгайлуу пас чыгарып берген.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бангладештин премьер-лигасындагы "Шейх Руссел" клубунун кыргызстандык футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков чемпионаттын кезектеги турунда эки гол киргизип, дагы эки голго көмөктөштү. Беттештеги урунттуу учурлардын видеосун футболчу өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Duishobekov Baktyiar (@duishobekov)

Дүйшөбековдун "Шейх Руссел" клубу чемпионаттын 25-турунда "Баридхара" командасы менен кезиккен. Оюн 5:1 эсебинде "Шейх Русселдин" жеңиши менен аяктаган. Кыргызстандын улуттук командасынын жарым коргоочусу беттеште эки гол киргизип, дагы эки голго ыңгайлуу пас чыгарып берген.

Эскерте кетсек, Бахтияр Дүйшөбеков Бишкекте өтүүчү "Үч улуттун кубогу" мелдешинде ойноо үчүн улуттук командага чакырылган.

Аталган жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыктын алкагында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0