Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыгуусу

Кыргызстандын футболчулары "Үч улуттун кубогу" мелдешине даярдана баштады. Сүрөт

274
(жаңыланган 12:32 24.08.2021)
Учурда улуттук команда толук жыйнала элек. Чет өлкөлүк командаларда ойноп жаткан футболчулар 31-августта келишет.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешине карата машыгуусун баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Даярдык көрүү жыйындары Кант шаарына пландалган. Кечээ алгачкы командалык машыгуу өттү. Анда жергиликтүү клубдардан тандалган оюнчулар гана катышты. Ал эми чет өлкөлүк командаларда ойноп жаткан футболчулар 31-августта келишет.

  • Нападающий Турсунали Рустамов, защитники Авазбек Откеев и Тамирлан Козубаев сборной Кыргызстана по футболу, во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешине карата машыгуусун баштады
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Нападающий сборной Кыргызстана по футболу Абай Боколеев во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Защитник сборной Кыргызстана Тамирлан Козубаев по футболу во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Даярдык көрүү жыйындары Кант шаарына пландалган
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Полузащитники сборной Кыргызстана по футболу Алмазбек Маликов и Эльдар Молдожунусов во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Кечээ алгачкы командалык машыгуу өттү
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Члены сборной Кыргызстана по футболу во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Анда жергиликтүү клубдардан тандалган оюнчулар гана катышты
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Полузащитник сборной Кыргызстана по футболу Фархат Мусабеков во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Ал эми чет өлкөлүк командаларда ойноп жаткан футболчулар 31-августта келишет
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Член сборной Кыргызстана по футболу во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Тренера сборной Кыргызстана по футболу во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары катышат
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Вратарь сборной Кыргызстана по футболу Эржан Токотаев во время учебно-тренировочных сборов. 24 августа 2021 года
    Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыктын алкагында өтөт
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
1 / 9
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешине карата машыгуусун баштады

Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары катышат.

Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыктын алкагында өтөт.

274
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы, мелдеш, Бишкек, даярдык, машыгуу
Тема:
Футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" мелдеши (18)
Тема боюнча
Керемет оюн! Футболчу Дүйшөбековдун Бангладештеги голдору, чыгарган пастары видеодо
Футболчу Алимардон Шүкүровдун "Немандагы" дебюттук кооз голу. Видео
Боксчу Мэнни (Эммануль) Пакьяо. Архивдик сүрөт

Боксчу Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине ат салышмай болду

65
Пакьяо 2022-жылы өтө турчу шайлоого бийликтин "Филиппин демократиялык партиясы — эл бийлиги" партиясы менен барат. Беш жылдан бери сенат болуп келет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Боксчу Мэнни (Эммануль) Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин койду. Бул тууралуу CNN Philippines телеканалына шилтеме берип "Известия" жазды. 

42 жаштагы Пакьяо беш жылдан бери сенатор болуп келет. Ал расмий түрдө бийликтин "Филиппин демократиялык партиясы — эл бийлиги" (PDP-Laban) партиясы менен шайлоого аттанууда.

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону 2016-жылдан бери сенатор болуп келет. Филиппинде президенттик шайлоо 2022-жылы өтөт.

Учурдагы президент Родриго Дутерте вице-президент кызматы үчүн гана ат салышат, анткени Филиппиндин мыйзамына ылайык, мамлекет башчылыкка эки жолу талапкер боло албайт.

65
Белгилер:
Филиппиндер, Мэнни Пакьяо, шайлоо, президент
Тема боюнча
Тайсон боксташып жүрөт. Депутаттар 43 жашында пенсияга чыккан офицерлерди сындады
Кунасов: бокс боюнча машыктыруучулардын, калыстардын айлыгы өтө аз
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан марафондо. Архивдик сүрөт

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт

51
(жаңыланган 14:43 19.09.2021)
Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" коомдук фонду бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаада ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от МЗиСР КР (@mzsr.kg)

Жарым марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар, эркектер болуп өзүнчө, атайын коляскада отуруп, коштоочулардын жардамы менен жүргөндөр жана чуркоону каалагандар өзүнчө категория менен катышкан.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылган.

Жарым марафонго саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү катышкан.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков мурдараак бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, коляскада отурган 100 адамдын катышарын айткан.

51
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, марафон, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, адам
Тема боюнча
Абакирова: "Ак илбирсти сактайбыз" жарышынан түшкөн акчага эки "Нива" алынат
Токио көчөсүнүн биринде бараткан улгайган аялдар. Архивдик сүрөт

Японияда улгайгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

0
(жаңыланган 11:06 20.09.2021)
Иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Японияда 65 жаштан жогору адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти, бул калктын 29,1 пайызын түзөт. Муну менен Япония кары-картаңдар жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын РИА Новости жазды. 

Бүгүн өлкөдө Карылар күнү белгиленип жатат. Бир жыл ичинде Японияда улгайгандардын саны 220 миңге өскөн.

Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын карыгандар түзөт, ал эми аялдардын 32 пайызы жашы өткөндөр экени айтылды.

Ошондой эле иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

0
Белгилер:
Япония, карылык, көрсөткүч
Тема боюнча
Дарыгер улгайгандар кантип туура эмделиши керектигин айтты
Күүлүү-күчтүү болуш үчүн улгайган адамдар кандай тамактанышы керек
Японияда бөтөлкөнү тепкен футбол машыктыруучусу жазаланып, оюндан куулду. Видео