Көк бөрү мелдешине катышуу үчүн Өзбекстандын командасы келди

© Фото / пресс-служба федерации по кок-боруМеждународный турнир на Кубок президента по кок-бору
Международный турнир на Кубок президента по кок-бору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Бүгүн, 25-августта, мелдештин эл аралык жана жогорку лигасында ойноочу командалар чүчү кулак кармашат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча президенттин кубогу эл аралык мелдешине катышуу үчүн Өзбекстандын курама командасы келди. Бул тууралуу аталган спорт боюнча федерациянын маалымат кызматы билдирди. 

Өзбекстандын "Улок-купкари" федерациясынын башкы катчысы Равшан Ахмадов жетектеген команданы "Манас" эл аралык аэропортунан улуттук федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана Көк бөрү федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчисинин орун басары Абди Исаков тосуп алышты.

Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Тай казандан секирген БТР! Нурдиндин улакты кан дүргүтө салган видеосу
Өзбекстандын курама командасы 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган Көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдешке катышууга келди.

Алар мелдештин эл аралык лигасында ат салышат. Бүгүн, 25-августта, мелдештин эл аралык жана жогорку лигасында ойноочу командалар чүчү кулак кармашат.

Белгилей кетсек, президенттин кубогу мелдеши Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Быйыл ага бир катар чет өлкөлөрдөн командалар чакырылган. Мындан улам турнирдин форматы кеңейтилип, эл аралык лига түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0