Танк биатлону. Кыргызстандын экипажы бардык бутага тийип 1-орунду алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыргызстан аскер кызматкерлеринен Т-72В3 танкы
Кыргызстан аскер кызматкерлеринен Т-72В3 танкы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
"Танк биатлону" 22-августта башталган. Кыргызстандын командасы экинчи дивизионго кирип, сары түстөгү танкалар менен Лаостун, Малинин жана Мьянманын командаларына каршы чыкты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды. Бул тууралуу Коргонуу министрлиги билдирди.

Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты.

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЧлен команды военнослужащих Кыргызстана перед началом индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен Танк биатлону – 2021 эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
Бүгүн Алабино (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген - Sputnik Кыргызстан
4/4
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген
1/4
Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды
2/4
Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү
3/4
Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты
4/4
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген
"Кыргызстандын командасы сары түстөгү Т-72Б3 танкасы менен атуу жана айдоо чеберчилигин көрсөтүп, өз тобунда биринчи орунга илинди. Алар беш бутанын баарына тийип, трассаны 26 мүнөт 15 секундда басып өткөн", —  деп айтылат маалыматта.

Танк үстүндөгү балерина менен жоокердин бийи. Алабинодон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Танк үстүндөгү балерина менен жоокердин бийи. Алабинодон тартылган видео
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген. Анда алар трассаны 32 мүнөт 12 секундда басып өтүп, бир бутага тийген.

"Жеке жарыш" деген кийинки этапта (27-август) Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3-экипажы катышат.

"Танк биатлону" 22-августта башталган. Кыргызстандын командасы экинчи дивизионго кирип, сары түстөгү танкалар менен Лаостун, Малинин жана Мьянманын командаларына каршы чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0