Паралимпиада: мелдешке алгачкы болуп дзюдочу Хайитхон Хусан кызы чыгат

© Фото / Pexels / Kampus ProductionДзюдочу кыз. Иллюстративдик сүрөт
Дзюдочу кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык пара дзюдочу кыз 28-августта килемге чыгат. Анын атаандашы казакстандык Даяна Федоссова болмокчу.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасынан алгачкы болуп мелдешке Хайитхон Хусан кызы чыгат. Бул тууралуу Токио-2020 Паралимпиада оюндарынын расмий сайтында айтылат.

Кыргызстандык пара дзюдочу кыз 28-августта килемге чыгат. Анын атаандашы казакстандык Даяна Федоссова болмокчу.

Хусан кызы Паралимпиадага жолдомону июль айында алган.

Кыргызстандын курама командасы XVI Паралимпиаданын ачылыш аземине катышты. Өлкөбүздүн желегин ядро ыргытуу чебери Арыстанбек Базаркулов көтөрүп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0