Убадага бек. Маалымат жыйынга жарым жылаңач келген машыктыруучунун сүрөтү

© Фото / Pixabay/ Ollebolle123Босой мужчина
Босой мужчина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
44 жаштагы машыктыруучунун командасы УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин тайпалык баскычына чыкты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бельгиянын "Антверпен" футболдук клубунун машыктыруучусу Брайан Приске Педерсен оюндан кийинки маалымат жыйынына кийими жок келди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, анын сүрөтүн чыгарды.

Насаатчы мындай жоругун командасы УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин тайпалык баскычына чыккандан кийин жасаган.

Көрсө, футболчуларына эгер команда аталган мелдештин кийинки этабына өтө алса, анда оюндан кийинки маалымат жыйынга ал кийимсиз келүүнү убада кылган экен. Машыктыруучу айткан сөзүнө турган.

Мындай көрүнүштү "Антверпен" клубунун маалымат кызматы Twitter баракчасына "токтой тургулачы, бул жерде эмне болуп жатат!?" деп комментарийлеген.

​"Антверпен" Кипрдин "Омония" клубу менен кез келип, негизги беттеш 4:4 эсеби менен аяктаган. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан аныкталган. Анда бельгиялыктар таамай тээп, 3:2 эсебинде утуп алышкан.

44 жаштагы Приске бельгиялык клубга 2021-жылдан бери машыктыруучулук кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0