Көк бөрү: Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы жогорку лигада үчүнчүнү ээледи

© пресс-служба ГАМФКиСКөк бөрү оюну. Архив
Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Жаңыдан түзүлгөн "Ала-Тоо" командасы өткөн жылы биринчи лиганын финалына чыгып, эрежеге ылайык, жогорку лигага өткөн.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган эл аралык мелдештин жогорку лигасында Манас Ниязов ойногон Оштун "Ала-Тоо" командасы үчүнчү орунду ээледи. Беттештин жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Манас жаңы тобу менен мурда өзү ойногон "Достук" командасына каршы беттешке чыгып, 4:2 эсебинде утуп алышты. Салымдардын бирин Манас Ниязов жасады.

Жаңыдан түзүлгөн "Ала-Тоо" командасы өткөн жылы биринчи лиганын финалына чыгып, эрежеге ылайык, жогорку лигага өткөн.

Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Тай казандан секирген БТР! Нурдиндин улакты кан дүргүтө салган видеосу
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдешинин форматы кеңейтилгенине байланыштуу быйыл эл аралык лига ачылган. Ага Өзбекстан, Россия мамлекеттеринин командалары катышты.

Эске салсак, эртең, 31-август күнү, мелдештин биринчи лигасынын финалында "Мурас" – "Көк Жал", эл аралык лигада Өзбекстан — Жети-Өгүз жана жогорку лигада "Ынтымак" — "Сары Өзөн" командаларынын беттештери болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0