Көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү. 3,7 миллион сом кандай бөлүштүрүлдү

© Фото / Федерация кок-боруНаграждение победителей на Кубке президента по кок-бору в Чолпон-Ате
Награждение победителей на Кубке президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 22-августта башталып, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Көк бөрү: Ынтымак менен Сары-Өзөндүн финалдык беттеши. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Көк бөрү: "Ынтымак" менен "Сары-Өзөндүн" финалдык беттеши. Видео
Мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 22-августта башталып, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды.

Турнирдин форматы кеңейтилгенине байланыштуу таймаш үч лигада жүрдү. Быйыл алгачкы жолу эл аралык лига ачылып, ага Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген командалар катышты.

Жеңүүчүлөр жана берилген сыйлыктар:

Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун — "Көк Жал" (Бишкек), 100 миң сом;
  • 2-орун — "Мурас" (Ысык-Көл облусу), 70 миң сом;
  • 3-орун — "Соң-Көл" (Нарын облусу), 50 миң сом.

Эл аралык лиганын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун — "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл облусу), 600 миң сом;
  • 2-орун — Өзбекстандын командасы, 300 миң сом;
  • 3-орун — "Бакубат Талас" (Талас облусу), 200 миң сом.

Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун — "Ынтымак" (Талас облусу), 1 млн. сом;
  • 2-орун — "Сары-Өзөн" (Чүй облусу), 500 миң сом;
  • 3-орун — "Ала-Тоо" командасы (Ош шаары), 250 миң сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0