Мушкер көз караштар таймашына чыккан атаандашын бетке тээп салды. Видео

© AFP / HECTOR RETAMALМушкер. Архив
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Мелдештин уюштуруучулары чырды болтурбоого, ага тоскоолдук кылууга жетишпей калышкан. Күтүүсүз соккудан мушкер нокаутка кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Чырдуу окуя Беларуста өткөн Zames Fighting уюмунун мелдешиндеги көз караштар таймашында катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазып, окуянын видеосун чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от FistFights7 / Кулачные Бои (@fistfights7)

Мээлейсиз муштум менен таймашкан мелдешке чыккан мушкерлердин бири көз караштар дуэлине чыккан атаандашын секирип туруп тизеси менен бетке тепкен. Буга мелдештин уюштуруучулары тоскоолдук кылууга жетишпей калышкан. Күтүүсүз соккудан мушкер нокаутка кеткен.

Эсине келген соң ал спорттук иш-чаранын уюштуруучуларынын бирин муштаганга аракет жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0