Рафаэль Физиев UFC рейтингинде Конор Макгрегорго жеткени калды. Тизме

© AFP / ALEX BIERENS DE HAANUFC 265 в Хьюстоне
UFC 265 в Хьюстоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Эки апта мурда кыргызстандык атлет 14-катарга көтөрүлгөн эле. Жаңыланган рейтингде Физиев дагы бир баскычка жогорулады.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (Ultimate Fighting Championship) жеңил салмак дивизионундагы рейтингде бир сапка көтөрүлдү. Бул тууралуу маалымат лиганын расмий сайтына чыкты.

"Атаман" каймана ысымдуу Физиев 8-августта UFC 265 мелдешинде АКШлык Бобби Грин менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган. Мушкерлердин таймашы "кеченин беттеши" деп табылып, ар бирине 50 миң доллардан бонус берилген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мекенине келген Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
ЖК төрагасы UFC мушкери Рафаэль Физиевге энчилүү саат белек кылды
Бул ийгиликтен соң "Атаман" лиганын жеңил салмак дивизионундагы рейтингде 14-катарга чыккан. Арадан эки апта өтпөй кыргызстандык мушкер дагы бир баскычка көтөрүлдү. Дивизиондогу 15 мыктынын тизмесинде Физиев ирландиялык Конор Макгрегорго жеткени калды.

Учурда дивизиондо Чарльз Оливейра чемпион. Биринчи катарда Дастин Порье, ал эми Жастин Гэджи экинчи сапта. Бенэил Дариуш үчүнчүдө. Рафаэль Физиев 13-катарда. Алдыңкы 15 мушкердин тизмесин Тиаго Мойзез жыйынтыктайт.

Рейтингдин тизмеси:

Чарльз Оливейра жеңил салмак боюнча чемпион.

  1. Дастин Порье
  2. Жастин Гэтжи
  3. Бенэил Дариуш
  4. Майкл Чендлер
  5. Ислам Махачев
  6. Тони Фергюсон
  7. Рафаэль Дос Аньос
  8. Дэн Хукер
  9. Конор МакГрегор
  10. Грегор Гиллеспи
  11. Диего Феррейра
  12. Брэд Ридделл
  13. Рафаэль Физиев
  14. Арман Царукян
  15. Тиаго Мойзез (рейтингде жаңы).

Эскерте кетсек, рейтингде 11-катарда турган Кевин Ли мыктылардын тизмесинен чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0