Роналду: "Манчестер Юнайтедге" кайтуума Алекс Фергюсон себепкер

© AFP / CARLOS COSTAПортугалиялык чабуулчу Криштиану Роналду
Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Португалиялык футболчу Англияга алгачкы жолу 2003-жылы келген. Кийин "Реал Мадрид", "Ювентус" клубдарында ойноп, жакында кайрадан "Манчестер Юнайтеддин" катарына кошулган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун "Манчестер Юнайтед" клубуна кайра келишине легендарлуу машыктыруучу Алекс Фергюсондун өтүнүчү башкы себеп болгон. Бул тууралуу спортчунун айткандарына таянып клубдун расмий сайты жазды.

Футболчу алгачкы ирет 18 жашында аталган клубга келгенден тартып насаатчыны атасындай көрүп калганын эскерген.

"Ал мага аябай жардам берген, көптү үйрөткөн. Биз дайыма байланыштабыз, ал киши кайталангыс инсан. Менин бул клубга кайра келишиме Фергюсон башкы себепчи болду", — деди футболчу.

36 жаштагы оюнчу бир нече күн мурда италиялык "Ювентус" клубунан кеткен. Ал туриндиктерге 2018-жылы испаниялык "Реал Мадрид" клубунан келген. ЖМКлар Роналдуну англиялык "Манчестер Сити" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазышкан, бирок келишим түзүлгөн эмес.

Месси дебютировал за ПСЖ — его приветствовали фанаты и соперники. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Месси жаңы командасы менен алгачкы жолу оюн талаасына чыкты. Видео
Роналду лиссабондук "Спортинг" (Португалия) клубунан "Манчестер Юнайтедге" 2003-жылы өтүп, 2009-жылга чейин ойногон. Андан кийин Испаниянын "Реал Мадрид", Италиянын "Ювентус" клубдарында өнөрүн көрсөткөн. Жакында кайрадан "Манчестер Юнайтеддин" катарына кошулду.

ЖМКлар белгилегендей, трансфердин баасы 20 миллион еврону түзөт. Келишим эки жылга каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0