Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарга каршы кызыл форма кийип чыгат

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Командалар Бишкекте өткөнү жаткан "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Беттеш бүгүн, 2-сентябрда, саат 20:30да башталат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Палестина менен беттеште салттуу кызыл кийим кийип чыкмай болду. Бул боюнча кечээ командалардын расмий өкүлдөрүнүн кеңешмесинде анык болгонун Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Ал эми атаандаш команда ак кийимчен болот.

Командалар Бишкекте өткөнү жаткан "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн бүгүн, 2-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 20:30да башталат.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтөт. Мелдештеги оюндардын убакыт-сааты боюнча да маалымат алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0