Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарды 1:0 эсебинде утту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстана жана Палестина футболчулары беттеш учурунда
Кыргызстана жана Палестина футболчулары беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет. Ал эми 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш командалары ойномокчу.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Палестина футболчуларын 1:0 эсебинде утту.

Фанатов ждут на стадионе — проморолик к осеннему большому футболу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Футбол күйөрмандарына майрам! Бишкекте күзүндө өтчү турнирдин проморолиги
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашты. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, стадион спорт сүйүүчүлөрүнө жык толгон. Оюн аяктаган соң күйөрмандар бир топко чейин кол чаап, спортчулар аларга ыраазычылык билдирген.

Эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет. Ал эми 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш футбол ойнойт. Бардык оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо боло турганы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0