UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов

Хабиб Нурмагомедов алдыдагы беш жылдык планын айтты

598
Мушкер башкаларга пайдасы тийген адам болуп, турмуштан алган тажрыйбасын кийинки муунга үйрөтүү менен адамдарды бул жашоодо ийгиликтүү кылгысы келерин белгилейт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жакынкы беш жылдагы планы менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.

Нурмагомедов "Жаңыча билим" аталыштагы марафонго катышкан. Ага журналисттер алдыдагы 10 жылга кандай планы бар экенин сурашкан.

"Он жыл — бул узак мөөнөт. Мынча убакытта көчөт отургузуп, түшүмүн алып, аны кыйып салып, кайра жаңыдан көчөт отургузууга жетишсе болот. Мен башкаларга пайдасы тийген адам болгум келет. Турмуштан алган тажрыйбамды кийинки муунга үйрөтүү менен адамдарды бул жашоодо ийгиликтүү кылгым келет. Эгер билсеңиздер, СССР учурунда алдыдагы беш жылга план түзүлчү. Мен алдыдагы беш жылда беш миң жумушчу орун түзүүнү пландап жатам", — деген Нурмагомедов журналисттерге.

Хабиб Нурмагомедов ММА спортунда 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болгон. 2020-жылдын октябрында ал америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган.

598
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады
Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин жактырбайт. Видео
Хабиб Нурмагомедов афгандыктардан кечирим сурады. Себеби
Хабиб Нурмагомедовго Нижний Новгороддо кол салуу болду. Видео
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан марафондо. Архивдик сүрөт

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт

47
(жаңыланган 14:43 19.09.2021)
Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" коомдук фонду бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаада ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чараны "Марафондор дирекциясы" бир нече министрликтер, Бишкек мэриясы жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен өткөргөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от МЗиСР КР (@mzsr.kg)

Жарым марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар, эркектер болуп өзүнчө, атайын коляскада отуруп, коштоочулардын жардамы менен жүргөндөр жана чуркоону каалагандар өзүнчө категория менен катышкан.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылган.

Жарым марафонго саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлү катышкан.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков мурдараак бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, коляскада отурган 100 адамдын катышарын айткан.

47
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, марафон, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, адам
Тема боюнча
Абакирова: "Ак илбирсти сактайбыз" жарышынан түшкөн акчага эки "Нива" алынат

Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин урунттуу учурлары. Видео

86
Өткөн түнү АКШда дүйнөлүк промоутерлик компаниянын UFC Vegas 37 турнири болуп өттү. Уюм мелдештин эң кызыктуу учурларын бир видеого топтоду.

Кеченин башкы беттешинде америкалык Энтони Смит менен Райан Спэнн кармашты. Беттештин биринчи раундунун төртүнчү мүнөтүндө Смит муунтуу ыкмасы менен жеңишти камсыздаган.

Негизги карддын алкагында дагы беш кармаш өтүп, видео топтомго киргизилген.

86
Белгилер:
UFC, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео

Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу

0
Туристтер антилопанын бир эмес, бир нече ирет кургак жерден да, суунун ичинен да кол салууга камданган душмандарынан кутулуп, ажалдан аман калган учуруна күбө болгон.

Бул тууралуу видео Latest Sightings YouTube каналына жарыяланды.

Бул күлүк, бирок алсыз жаныбар алгач африкалык 16 жапайы иттин таландысына кала жаздаган. Жанына күч келгенде көлмөгө кире качкан. Кыңшылаган гиена сыяктуу иттер олжосунан кол жууп, шилекейин чууртуп жээкте кала берген.

Видеону ошол жерде туристтерди коштоп жүргөн 24 жаштагы Рейнжер Дэниел Хитчингс тартып алган.

Антилопа сууга кирип аркы өйүзгө сүзүп бара жатканда андан бир нече метр аралыкта крокодил пайда болуп, тооруп баштаган. Сырттан карап турган кишинин чыдамы кете турган бул картина эч кандай окуясыз аяктап, антилопа аллигатордон да кутулган. Үчүнчү дагы бир кооптуулук аны жээкке жакын жерде күтүп турган. Үйүрү менен сууга түшүп жаткан бегемоттордун эң ириси ага жакындап келип, секиргенде антилопа шамдагайлыгы менен чет жакка ойт бергенге жетишип калган. Алсыз, бирок эч кимге зыяны жок жаныбар бактыга жараша, бир нече ирет ажалдын чеңгелинен кутулуп, жээкке чыгып, андан ары секирген тейде бадалдын арасына кирип кеткен. Ошентип, бул ирет да ага жашоо жылмайган.

0
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, жаратылыш, антилопа, жайыт, ит, бегемот
Тема боюнча
Кудум ниндзядай. Кабыландын антилопага чукул келип кол салган видеосу
Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео