Аргентинанын лидери Лионель Месси Венесуэла менен болгон оюнунда

Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу

395
(жаңыланган 17:17 03.09.2021)
Окуя 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алкагындагы беттеште болгон. Калыс венесуэлалык футболчуну оюндан четтеткен.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Венесуэла курама командасынын футболчусу Луис Мартинес Аргентинанын лидери Лионель Мессинин бутун сындырып сала жаздады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, окуянын видеосун чыгарды.

​2022-жылы Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабында кечээ, 2-сентябрда, Венесуэла өз үйүндө Аргентина курама командасын кабыл алган. Мартинес биринчи бөлүктүн 27-мүнөтүндө катуу ылдамдыкта чабуулга келе жаткан Мессини шыйракка тээп алган. Сокку катуу болгону менен футболчу жаракат алган эмес.

Беттештин калысы коргоочуга кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарып салган.

Месси болсо медициналык жардам көрсөтүлгөн соң оюнун уланткан.

Беттеш Каракастагы (Венесуэла) "Олимпико" стадионунда өтүп, 3:1 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктаган. Бул ийгиликтен соң Мессинин командасы өз тайпасында экинчи сапка көтөрүлдү.

395
Белгилер:
Лионель Месси, футбол, оюн, айып
Тема боюнча
Топко жетем деген Роналду дарбазачыны бетке тепти. Видео
Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында

Кыргызстандык кыз казакстандык жөө күлүктөрдү артка таштап, алтын алып келди

257
(жаңыланган 22:00 27.09.2021)
Кыргызстандан эки спортчу — Гүлшаной Сатарова жана Илья Тяпкин барган. Алар алтын жана коло медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган борбор калаанын акимчилигинин сайтында кабарланган.

Сатаров аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Эске сала кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
1 / 2
© Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди

Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир марафончуга эстелик медаль тапшырылып, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

257
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, Илья Тяпкин, жөө күлүк, марафон, медаль, Гүлшаной Сатарова
Тема боюнча
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр

Шевченконун көз ирмемдеги муштуму жана UFC 266дагы кызыктуу учурлар. Видео

391
(жаңыланган 14:44 27.09.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube каналы Лас-Вегаста болгон UFC 266 турниринин кызыктуу учурларын кесип, чогултуп, видеосун жарыялады.

Бул беттештердин эң эсте каларлыгы жана кызыктуусу жеңил салмактагы спортчу, кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Лорен Мерфиники болду. Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген эмес. 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып катар-катар ургулагандан кийин калыс беттешти токтоткон.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттешиндеги кызыктуу учурларды редакция чогулткан видеотоптомдон көрүүгө болот.

391
Белгилер:
Лас-Вегас, Валентина Шевченко, UFC, сокку, октагон, видео
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Спортчу Мамашов АСА мелдешинде UFC уюмунун экс-мушкери менен беттешет
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео