Тыныбекова издеген Жасминанын атасы: кызым менен күрөшүүгө балдар батынбай койду

© Фото / Улан ТурдубаевЖасмина Арзыбаева үй-бүлөсү менен
Жасмина Арзыбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Таласта өзү теңдүү эркек бала менен күрөшүп, аны өйдө тургузбай жеңип алган кичинекей кызга интернет колдонуучулары, анын ичинде дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова суктанып, спортчу катары жогорку баасын берген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги секелектин атасын таап, аны менен маектешти. Алар Таласта тургандыктан телефон аркылуу гана сүйлөшө алдык. Жасмина Арзыбаева болгону 9 гана жашта экен. Улан Турдубаев кызынын спортко кандайча кызыгып калганы, кыялдары жана интернетке тараган видеонун таржымалы тууралуу айтып берди.

— Улан мырза, кызыңыздын өзү теңдүү бала менен күрөшүп, аны жеңип алган видеосу кайда, качан тартылган? Эмне болгон мелдеш эле?

— Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 18-19-августта Таласта манасчылардын эки күндүк фестивалы болгон. Анда белгилүү манасчылар келип эки күн манас айтып, ал спорттук мелдештер менен да коштолгон. Күрөш боюнча мелдеште ортодогу судья "27 килограммдан 32 килограммга чейинки өспүрүм балдар чыккыла" деди. Кызым менен күрөшүү үчүн бир да бала ортого келбей койду. Балким, кыз деп аяштыбы, билбейм. Бир маалда бир бала чыгып, аны Жасмина тургузбай жеңип алды. Андан кийин эч ким чыккан жок, ошентип жеңүүчү аталып, акчалай сыйлык алдык.

— Видео жакында эле тартылыптыр да. Кызыңыз менен күрөшкөн баланы тааныйсыздарбы?

— Жок, ал жерге Талас эли бүт чогулган. Адам өтө көп болчу. Биздин айылдын баласы болсо таанымакмын. Башка айылдын же мейманга келген бала окшойт.

— Жасминанын күрөшкө келишине эмне түрткү болду эле?

— Кызым 1-класска киргенден баштап күрөшүп баштаган. Андан бери эки жыл өттү. Жасминанын мүнөзүн, спортко болгон шыгын байкап күрөшкө берүүнү ойлонгом. Анын үстүнө спорттун бул түрүнө өзүм да кызыгам. Мен жетпеген ийгилик, бийиктиктерге балдарымдын жетишин каалайм. Инимдин баласы залга барып, кызымды да жанына ээрчитип алыптыр. Аны менен барып жатып Жасминанын күрөшкө болгон кызыгуусу артты.

Ичтеги айтылбаган сезимдер, акыркы чечим. Айсулуу Тыныбекованын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Ичтеги айтылбаган сезимдер, акыркы чечим. Айсулуу Тыныбекованын видеомаеги
— Демек, машыгып жүргөн кыз турбайбы?

— Ооба. Ортодо каникул болуп токтоп калды. Эми мектеп ачылса, октябрдан тарта кайра машыга баштайт. Айылда Эрнис деген агайы бар, күрөш боюнча зал ачып, балдарга спорттун бул түрүн жайылтып, үйрөтүп жүрөт.

— Айылда күрөшкө барган кыздар көппү?

— Азыр ар кайсы курактагы 10дой кыз машыгат.

— Айсулуу Тыныбекова видеону көрүп, Жасмина менен жолугууга даяр экенин соцтармактагы баракчасына жазганын укканда абдан кубансаңар керек.

— Бизден дагы Жасмина кубанып, төбөсү көккө жетип аны жанынан көрөм го деп жаткан. Бирок Айсулуу азыр машыгууда экен. Телефондон видео аркылуу сүйлөшүп, бир айдан кийин жолугууга аракет кыларын айтты. "Таласка келем, болбосо Бишкекке чакырам" деди. Ал күндү кызыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатат.

(Ары жактан Жасминанын апасынын үнү чыгып, кызынын Айсулуу менен сүйлөшкөндөн кийинки эмоциясы менен бөлүштү)

© Фото / Улан ТурдубаевУлан Турдубаев: Айсулуу Тыныбекова — Жасминанын кумири. Мелдештерин калтырбай көрүп, "Айсулуу эжемдей болом" деп оозунан түшүрбөйт
Тыныбекова издеген Жасминанын атасы: кызым менен күрөшүүгө балдар батынбай койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Улан Турдубаев: Айсулуу Тыныбекова — Жасминанын кумири. Мелдештерин калтырбай көрүп, "Айсулуу эжемдей болом" деп оозунан түшүрбөйт

— Жасмина Айсулуу эжесин абдан жакшы көрөт, аны менен телефондон сүйлөшүп жатып толкунданып ыйлап да жиберди. Бүткөндөн кийин "апа, чын эле жолугамбы, качан бир ай өтөт? Тезирээк өтүп кетсе экен" деди.

У.Т.: — Кызыбыздын эркек бала менен күрөшкөн видеосу интернетке тараганда аны кээ бири "чаектик" деп атын "Айсулуу" деп алышыптыр. Анан биз толук аты-жөнүн, жашаган жерин жазганбыз.

Айсулуу Тыныбекова — Жасминанын кумири. Анын мелдештерин калтырбай көрүп, "Айсулуу эжемдей болом" деп оозунан түшүрбөйт. Чачын да Айсулуунукундай кылып кыскартып кырктырып алыптыр.

Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек
— Үй-бүлөңүздөр тууралуу азыноолак айтып бересизби? Жасминадан башка балдарыңыз да күрөшөбү?

— Төрт балабыз бар, үч кыз, бир уул. Жасмина үйдө экинчи кыз. Эркек балабыз быйыл 1-класска барат, аны да күрөшкө берейин деп жатам, өзү да кызыгат. Мен "Түндүк электр" ишканасынын Көк-Сай айылындагы филиалында электрик болуп иштейм. Келинчегим балдар менен үйдө эле.

— Жасмина мектепте кандай окуйт?

— Абдан жакшы окуйт. Алдыңкы окуучулардын катарында. Мээнеткеч, ак көңүл, боорукер кыз. Залдан келгенде кайталай турчу эрежелер болсо үйдөн кайталап машыгабыз. Билген нерселеримди көрсөтүп, үйрөтөм. Жасмина Айсулуу Тыныбековага жолугуп, аны менен чогуу машыгып, Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретсем деп кыялданат.

Жаңылыктар түрмөгү
0