УЕФА конокко келген команданын күйөрмандарын стадионго киргизмей болду

© AP Photo / Silvia IzquierdoЮжноамериканский футбольный Кубок Либертадорес
Южноамериканский футбольный Кубок Либертадорес - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Мындай чечим келерки аптадан тарта күчүнө кирет. Бирок тиешелүү өлкөлөрдүн бийлиги койгон талап-чектөөлөрдү аткаруу зарыл.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Европа футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА) Европа кубоктордогу жана улуттук командалардын оюндарында конокко келген команданын күйөрмандарын оюнга кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Европадагы футбол күйөрмандары (FSE) уюмуна таянып Eurosport маалымат булагы жазды.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына күйөрмандар киргизилет
Мындай чечим келерки аптадан тарта күчүнө кирет. Күйөрмандар Европа кубоктору мелдешинин жана улуттук команданын коноктогу оюндарын жеринен барып көрө алышат. Бирок FSE уюму билдиргендей, тиешелүү өлкөлөрдүн бийлиги койгон талап-чектөөлөрдү аткаруу зарыл.

Келерки аптада, 14-16-сентябрь күндөрү, УЕФАнын Чемпиондор лигасы, Европа лигасы жана Конфедерация лигасы мелдештеринин тайпалык этабындагы алгачкы оюндар өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0