Кыргызстан менен Бангладеш футболчуларынын оюнун көрүүгө Садыр Жапаров келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасы Бангладеш менен беттеш учурунда
Кыргызстан курама командасы Бангладеш менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы менен Бангладеш футболчуларынын беттеши башталды. Кыргызстандык футболчуларды колдоо үчүн стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров да келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы менен Бангладеш футболчуларынын беттеши башталды
Кыргызстан менен Бангладеш футболчуларынын оюнун көрүүгө Садыр Жапаров келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы менен Бангладеш футболчуларынын беттеши башталды

Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн ордо калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алып, эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө. Буга чейин Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0