Каз катар тизилип футбол көргөн аткаминерлер. Фотофакт

669
(жаңыланган 10:08 08.09.2021)
Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын ортосундагы футболдук беттешке өлкө башчыдан тарта бир катар министр, чиновниктерге чейин күбө болгон. Алардын катар тизилип отуруп футбол көргөн сүрөтү президенттин сайтына жарыяланды.
Каз катар тизилип футбол көргөн аткаминерлер. Фотофакт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Сүрөттө мамлекет башчы Садыр Жапаров менен кошо анын сол жагында мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев отурганын көрүүгө болот. Кайрат Иманалиевдин өйдө жагында ички иштер министри Улан Ниязбеков, коомдук ишмер Аскар Салымбеков футбол көрүшүүдө.

Жолдоштук беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладешти 4:1 эсеби менен жеңип, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.

669
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, футбол, аткаминер, президент, сүрөт
Тема:
Футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" мелдеши (18)
Тема боюнча
Президенттин деми, жаштардын сүйүүсү. Кыргызстан-Бангладеш футболдук мелдешинен сүрөттөр
Жакшы оюн көрсөттүңөр! Жапаров футболчуларды куттуктап, белекке топ алды. Видео
Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында

Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

139
(жаңыланган 14:43 20.09.2021)
Спортчу трассадан ийгиликтүү өтүп, бирок матка туура эмес секирип алып тура албай калган. Медиктер аны замбил менен көтөрүп кетишти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында олуттуу жаракат алды.

Жарым финалда спортчу трассага ийгиликтүү чыгып, сүйүнгөнүнөн секирип жерге туура эмес түшкөн. Ал белин кармап тура албай калганда медиктер замбилге салып көтөрүп кеткен.

Аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москвада 15-сентябрда башталган, жарыш эртең жыйынтыкталат. Ага дүйнө жүзүнөн келген 188 аскага чыгуучу катышууда.

139
Белгилер:
Москва, спортчу, чыгуу, жаракат
Тема боюнча
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

227
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

227
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Бала көтөргөн аял. Архив

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

0
(жаңыланган 23:29 22.09.2021)
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

0
Белгилер:
Индия, Кыргызстан, келин, бала, өлүм, ТИМ
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты