Марафондун катышуучулары. Архив

Бишкекте сентябрдын аягында 4000 жөө күлүк чуркаган марафон өтөт

65
(жаңыланган 11:40 09.09.2021)
Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирсти сактоого багытталган эл аралык Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафону өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар, Nomad Sport коомдук бирикмеси билдирди.

Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар да катыша алат. 10 жаштан жогорку балдар 1 чакырымга, 14 жаштан өткөндөр 5 чакырымга чуркаса болот. Ал эми 14 жана 21,1 чакырым аралыкка 18 жаштан жогорку курактагылар чыгат.

Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафонуна 4000дей профессионал жөө күлүк жана спорт ышкыбоздору катышары күтүлүүдө. Байге фонду — 200 миң сом. Катышууну каалагандар nomadsport.net сайты же (+996) 554 60-07-07 номери аркылуу маалымат алса болот.

Аталган жарыш быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү GSLEP — Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программасына которулат. 2019-жылкы жарыштан кийин 1 426 700 сом бөлүнгөн, ага 32 фотокапкан сатып алынган. Мунусунда марафондон түшкөн каражат "Нива" үлгүсүндөгү эки жолтандабас сатып алууга жумшалат. Бул ак илбирсти коргоо менен алектенген Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясынын ишине жардам берет.

65
Белгилер:
марафон, жөө күлүк, чуркоо, Бишкек
Тема боюнча
Акжол, Жоламан жок. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Россиядагы мелдешке катышат
Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив

Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат

17
Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук дзюдо федерациясы билдирди.

Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.

Академиядагы сабактар профессионал спортчулар үчүн эле эмес, ден соолугуна кам көргөн, спорттун бул түрүн өздөштүрүүнү же келечектеги олимпиада чемпиону болууну каалаган бардык адамдар үчүн ылайыктуу.

"Академия — бул бүтүндөй үй-бүлө үчүн спорттук комплекс. Борбордо сиздин каалооңузду жана балаңыздын каалоолорун угушат, ар бир ышкыбозго ылайыктуу болгон жеке окутуу-машыгуу планы түзүп берилет", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар дзюдо спорту булчуңду гана өстүрбөстөн мүнөздү дагы тарбиялай турганын белгилешти.

17
Белгилер:
дзюдо, академия, ачылыш, спорт, күрөш
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан кубогунун ээси аныкталды
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт
Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында

Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

139
(жаңыланган 14:43 20.09.2021)
Спортчу трассадан ийгиликтүү өтүп, бирок матка туура эмес секирип алып тура албай калган. Медиктер аны замбил менен көтөрүп кетишти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында олуттуу жаракат алды.

Жарым финалда спортчу трассага ийгиликтүү чыгып, сүйүнгөнүнөн секирип жерге туура эмес түшкөн. Ал белин кармап тура албай калганда медиктер замбилге салып көтөрүп кеткен.

Аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москвада 15-сентябрда башталган, жарыш эртең жыйынтыкталат. Ага дүйнө жүзүнөн келген 188 аскага чыгуучу катышууда.

139
Белгилер:
Москва, спортчу, чыгуу, жаракат
Тема боюнча
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

9
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

9
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы