Физиевдин акыркы таймашы август айындагы мыкты кармаш болду

© REUTERS / Troy TaorminaКыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевдин америкалык Бобби Грин менен таймашта. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевдин америкалык Бобби Грин менен таймашта. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Физиев америкалык Бобби Грин менен 8-августта Хьюстондогу UFC 265 турниринин алкагында кармашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевдин таймашы лигада август айындагы мыкты кармаш деп табылды. Бул тууралуу маалыматты Ultimate Fighting Championship уюму өзүнүн социалдык тармагын чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Физиев америкалык Бобби Грин менен 8-августта Хьюстондогу UFC 265 турниринин алкагында кармашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.

Ошол эле күнү уюмдун Twitter баракчасы кыргызстандык мушкердин соккулары беттештин көбүрөөк көңүл бурдурган учуру деп табылганын жана кармаш эки тараптын тең күйөрмандарын бир топ кызытканын жазып чыккан.

​Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.

Физиев 8-августтагы ийгилигинен соң UFC уюмунда удаасы менен төртүнчү жеңишин камсыздап жатат. Кыргызстандык спортчунун лигадагы буга чейинки үч кармашы да мыкты деп табылып, бонус берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0