Месси Пеледен ашып өтүп Түштүк Америка континентинин бомбардири болду

© AFP / NATACHA PISARENKOАргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси
Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
2022-жылы өтүүчү Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунда бүгүн Аргентина Боливияны 3:0 эсебинде уткан. Голдордун баарын Лионель Месси киргизген.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Боливия командасынын дарбазасына хет-трик жасап, легендарлуу Пеленин рекордунан ашып өттү. Бул тууралуу Түштүк Америка футболдук уюму (КОНМЕБОЛ) расмий сайтына жазды.

Бүгүн Аргентина 2022-жылы өтүүчү Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Боливия менен беттешип, 3:0 эсебинде уткан. Оюндагы голдордун баарын Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун футболчусу Лионель Месси киргизген.

Бул жетишкендиги менен Месси Түштүк Америка континентиндеги улуттук командалар үчүн киргизген голодорунун саны боюнча бразилиялык Пеледен ашып өтүп рекордсмен болду.

Чабуулчу Криштиану Роналду  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Атаандашын жаакка чапкан Роналду голу боюнча рекорд койду. Видео
Ушуну менен ПСЖ футболчусу курама команданын катарында туруп баш-аягы 79 гол киргизди. Буга чейин бразилиялык Пеле 77 гол менен эң алдыда болчу.

Месси мындай көрсөткүчтү 153 оюнда камсыздады. 79 голунан сырткары ал 52 голдук пас чыгарып берген. Пеле өз кезегинде 77 голду 91 беттеште киргизген.

Эске салсак, Месси буга чейин Испаниянын "Барселона" клубунун курамында жүрүп, футбол тарыхында бир команда үчүн ойноп киргизген голдордун саны боюнча Пеленин рекордун жаңылап, мыкты бомбардир болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0