Оштогу COVID баштаган ооруларды күрөшүүгө арналган марафон

Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр

79
(жаңыланган 17:39 11.09.2021)
Катышуучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош шаарында бүгүн COVID-19, ВИЧ жана кургак учук илдеттери менен күрөшүүгө арналган марафон болуп, ага 300дөй адам катышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлады.

  • Участники марафона по борьбе с COVID-19, ВИЧ и туберкулезом во время забега в Оше. 11 сентября 2021 года
    Ош шаарында бүгүн COVID-19, ВИЧ жана кургак учук илдеттери менен күрөшүүгө арналган марафон болуп, ага 300дөй адам катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
  • Участники марафона по борьбе с COVID-19, ВИЧ и туберкулезом во время забега в Оше. 11 сентября 2021 года
    Катышуучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты
    © Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
  • Участники детского марафона по борьбе с COVID-19, ВИЧ и туберкулезом во время забега в Оше. 11 сентября 2021 года
    Ден соолукту бекемдөөгө арналган бул иш-чара муниципалдык органдар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
  • Награждение участников марафона по борьбе с COVID-19, ВИЧ и туберкулезом в Оше. 11 сентября 2021 года
    Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
  • Награждение участников марафона по борьбе с COVID-19, ВИЧ и туберкулезом в Оше. 11 сентября 2021 года
    Анда бардык каалоочулар ВИЧти аныктоо боюнча ыкчам анализдерди тапшырып көрүштү
    © Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города ОШ
Ош шаарында бүгүн COVID-19, ВИЧ жана кургак учук илдеттери менен күрөшүүгө арналган марафон болуп, ага 300дөй адам катышты

Катышуучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты.

"Ден соолукту бекемдөөгө арналган бул иш-чара муниципалдык органдар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулган. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө

Анда бардык каалоочулар ВИЧти аныктоо боюнча ыкчам анализдерди тапшырып көрүштү.

79
Белгилер:
Ош шаары, марафон, ден соолук
Тема боюнча
Бишкекте сентябрдын аягында 4000 жөө күлүк чуркаган марафон өтөт
Бишкекте массалык флешмоб өткөрүлдү. Сүрөт
Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында

Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

123
(жаңыланган 14:43 20.09.2021)
Спортчу трассадан ийгиликтүү өтүп, бирок матка туура эмес секирип алып тура албай калган. Медиктер аны замбил менен көтөрүп кетишти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында олуттуу жаракат алды.

Жарым финалда спортчу трассага ийгиликтүү чыгып, сүйүнгөнүнөн секирип жерге туура эмес түшкөн. Ал белин кармап тура албай калганда медиктер замбилге салып көтөрүп кеткен.

Аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москвада 15-сентябрда башталган, жарыш эртең жыйынтыкталат. Ага дүйнө жүзүнөн келген 188 аскага чыгуучу катышууда.

123
Белгилер:
Москва, спортчу, чыгуу, жаракат
Тема боюнча
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

186
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

186
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

0
Шаар башчысы 2020-жылы өткөн паралменттик шайлоо маалында коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.

0
Белгилер:
Самарбек Болотбеков, мэр, кармоо, коррупция, бошотуу
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды