Валентина Шевченко ринг-гёрлз кыздарды жактап, Хабибдин сынына жооп кайтарды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Шевченко журналистке берген маегинде ринг-гёрлз ММА менен такыр байланышы жок деп айтуу калпыстык болорун билдирген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун сөзүнөн кийин ринг-гёрлз болуп иштеген кыздарды колдоп чыкты. Бул тууралуу Bjpenn басылмасы жазды.

Ринг-гёрлз — аралаш мушташта жана бокста рингге ар раунддун башталышында тактайча көтөрүп баскан кыздар. Алар бикини же кыска көйнөк кийип чыгышат.

Шевченко журналистке маек берип жатып ринг-герлз ММА менен такыр байланышы жок деп айтуу калпыстык болорун билдирген.

"Алар алгачкы ММА турнирлеринен бери келе жатышат. Аларды сырткары чыгарып коюу өтө жаман көрүнүш. Негизи ринг-герлз бул индустриянын ийгиликтеринин бир бөлүгү. Кыздарсыз, фанаттарсыз жана сапаттуу чагылдыруу болбосо турнир суз болуп калмак. Ошондой майда-барат нерселер жалпы картинаны жаратат. Ансыз бардык мушкер азыркыдай деңгээлге жетпесе керек эле. Андыктан ринг-гёрлз биздин чакан жана ири промоушендердин бир бөлүгү болуп кала бермекчи", — деп жазган Шевченко.

Август айында Нурмагомедовдун ринг-гёрлз ММА беттештерин өткөрүүдө пайдасыз адамдар деп айтканы резонанс жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0