Кыргызстандынк UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко менен Мерфинин беттешин кайсы сайттардан көрсө болот. Тизме

689
Беттеш 26-сентябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында T-Mobile Arena аренасында өтөт. Убакыт айырмасынан улам кыргызстандыктар бул жолугушууну жекшемби күнү эртең менен көрө алышат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко кезектеги атаандашы америкалык Лорен Мерфи менен 26-сентябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында беттешет.

Мерфи акыркы беш таймашын жеңиш менен аяктаган. Жеңил салмактагы мушкер кыз-келиндердин рейтингинде үчүнчү орунда турат.

38 жаштагы Мерфи 2009-жылы жиу-житсу ийримине баласын алып барып, ошондон кийин өзү спортко баш-оту менен кирип кеткен. Жарым жылдан кийин ММА эрежелери боюнча алгачкы кесипкөй мелдешин өткөргөн. Андан бери 19 ирет рингге чыгып, 15 жолу жеңүүчү болгон.

Спортчулардын беттеши 26-сентябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында T-Mobile Arena аренасында өтөт. Убакыт айырмасынан улам кыргызстандыктар бул жолугушууну жекшемби күнү эртең менен көрө алышат.

Валентина Шевченконун таймашы Бишкек убактысы менен 9.30 менен 10.00дүн ортосунда болот.

UFC Fight Pass сайтынан промоушендин түз эфирде болчу бардык турнирлерин көрүүгө болот. Кыргызстандыктар дарегинен жазылуу аркылуу гана көрөт.

Беттешти акысыз көрүү үчүн Setanta Sports телеканалына баш багыңыз. Тилекке каршы, айрым учурда булар дагы көрсөтпөй коюшу мүмкүн.

Акы төлөп көрөм десеңиз More.TV жана Wink. платформалары бар.

 

689
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, Лорен Мерфи, беттешүү, видео
Тема боюнча
Шевченко менен Мерфинин кармашы. Букмекерлер кимге үмүт артып турат
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

6
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

6
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Кыргызстандык калыстар Тажикстандын футзал чемпионатынын финалында

Тажикстандын футзал чемпионатынын финалын кыргызстандык калыстар тейледи. Сүрөт

85
(жаңыланган 14:07 25.10.2021)
Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалында "Сипар" менен "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти. Маалыматты өлкөнүн Футболдук союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти

Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди.

"Оюндар 23-24-октябрда Худжанд шаарындагы "Касри Варзиш" спорттук комплексинде өттү. Кыргызстандык калыстар эки беттешти тейлешти. Тажикстандын футболдук уюму финалдык беттештерди бейтарап тейлеп берүүнү өтүнүп бизге кайрылган. Биз аны кабыл алып, мыкты адистерди жибергенбиз. Эки беттеш тейленди, биздин арбитрлердин ишине карата эч кандай сын, терс пикир айтылган жок", — деди Букуев.

Ал ошондой эле эгер тажик тарап чечүүчү беттешти тейлөө боюнча өтүнүч келтирсе, КФС ага калыс жиберүүгө даяр экенин кошумчалады.

Финалдык сериядагы жалпы эсеп 2:2 болду. Чемпиондуктун тагдырын чечкен оюн 30-октябрда Душанбе шаарында өтөт.

85
Белгилер:
Кыргызстан, футзал, калыс, Тажикстан, чемпионат, финал, беттешүү, тейлөө
Тема боюнча
Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдеши башталат