Кыргызстандык Айваз Оморканов. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык Оморканов Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болуп шайланды

193
(жаңыланган 22:58 25.09.2021)
Шайлоо ишемби күнү Санкт-Петербургдагы IIHF конгрессинде өткөн. 68 жаштагы франциялык Люк Тардиф IIHF федерациясынын президенти болсо, кыргызстандык Айваз Оморканов вице-президент болуп шайланды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Айваз Оморканов шайба менен ойнолчу Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча жаңы вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шайлоо ишемби күнү Санкт-Петербургдагы IIHF конгрессинде өткөн. 68 жаштагы франциялык Люк Тардиф IIHF федерациясынын президенти болду. Ал уюмду 1994-жылдан бери жетектеп келген Рене Фазелдин ордуна келди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от IIHF (@iihfhockey)

Оморканов Азия жана Океания боюнча вице-президент болуп шайланды. Маалымат агенттиги менен маектешкен кыргызстандык спортчу шайлоодо жеңишке жеткени ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирген.

"Албетте, бул жеңиш мен үчүн дагы, Рене Фазел менен атаандашым Томас Вуга дагы сюрприз болду. Азия жана Океания боюнча вице-президент болуу мен үчүн сыймык. Тилекке каршы, Азияда хоккей жакшы өнүккөн эмес, мен кызматтык мөөнөтүмдүн соңуна чейин болгон күч аракетимди жумшайм. Өз презентациямда Мартин Лютер Кингдин "Менин кыялым бар" деген кебин өз атымдан эмес, бүткүл Азиянын атынан айттым. Мен элди Азияда эмне болуп жатканына көңүл бурууга чакырып, өзгөрүүлөр керек экенин айттым", — деди Оморканов.

Шайлоонун жыйынтыктары окулуп жатканда Фазель жыйындар залындагы кыйкырык үндөн чочуп кеткен. Кийин Оморканов жеңишине болгон кубанычын жашыра албай кыйкырганы маалым болду.

193
Белгилер:
хоккей, шайлоо, президент, Айваз Оморканов
Тема боюнча
Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу
Күрөш залында машыгып жаткан кыздар. Архив

Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги

129
(жаңыланган 13:52 28.10.2021)
Көчөт отургузула турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы баасы 43 миллион сомго бааланууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекке аялдар күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилди. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

"Жаштык" дирекциясынын аймагына зал куруу максатка ылайыктуу. Анткени аталган жайда бассейни бар спорт комплекси жайгашкан. Мында балбан кыздардын машыгуу процессине кошумча шарттар болот", — деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги машыгуу залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгууга киришти. Ал эми керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң курулуш иштери башталат.

Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объектинин курулушунун жалпы наркы залдын сметасы толук иштелип чыккандан соң белгилүү болот.

Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Зал пайдаланууга берилгенден кийин имарат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Буга чейин мындай чечим президенттин тапшырмасы менен спортчуларды колдоо жана стимул берүү, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылган.

 

129
Белгилер:
спорт, курулуш, күрөш
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат
Оморканов: жер маселеси чечилсе хоккей аренасы курулат

"Ливерпулдун" футболчусу "чаян сокку" менен өзгөчө гол киргизди. Видео

144
(жаңыланган 12:19 28.10.2021)
Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Дивок Ориги "чаян сокку" ыкмасы менен тээп, мыкты гол киргизди.

Кечээ Англия лигасынын кубогу мелдешинде "Ливерпуль" менен "Престон" клубдары беттешкен. Юрген Клопптун мерсисайддык шакирттери атаандашын 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга өтүштү.

Ливерпулдуктардан голдорду япониялык Такуми Минамино жана бельгиялык Ориги киргизди.

Ориги мерсисайддык клубда негизги курамдын оюнчусу эмес. Башкы насаатчы Клопп Англиядагы эң мыкты командалардын бири болгон "Ливерпулда" футболчулар үчүн атаандаштык күч экенин айтат.

144
Белгилер:
футбол, Ливерпуль ФК, гол, чаян сокку, Дивок Ориги
Тема боюнча
"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу
Казакстандык футболчу кыз "чаян сокку" ыкмасында өзгөчө гол киргизди. Видео
Талибан кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид

Тажикстан Афганистандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтты

0
(жаңыланган 19:15 28.10.2021)
Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тажикстан бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн тааныгысы келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин Тегеран шаарындагы жыйынында айтты.

Министрге шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңы бийлик Кабулду күч менен басып алып, өз элинин жана этникалык топтордун пикирин эске албастан өкмөттү ээлеп алды.

"Этникалык тажиктер афган элинин 46 пайызын түзгөндүктөн өкмөттөн орун алышы керек болчу", — деди Мухриддин.

Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.

Ал эми 20-октябрда Россиянын борборуна талибдердин делегациясы барып, Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлдү. Иш-чарага 10 мамлекеттин делегаттары катышты.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

0
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, өкмөт, бийлик
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Талибан* жардам алууну кааласа көмөк көрсөтүшү керек. Россиянын позициясы