Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео

© AP Photo / John LocherКыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен беттеш учурунда
Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Ушуну менен кыргызстандык спортчу алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Мелдеш түз алып көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, кезектеги жеңишин камсыздады.

​Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү. 

Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген жок. 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып катар-катар сокку ургандан кийин калыс беттешти токтотту.

Ушуну менен Шевченко алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0