Кыргызстандык кыз казакстандык жөө күлүктөрдү артка таштап, алтын алып келди

© Фото / пресс-служба акимата города Нур-СултанКыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандан эки спортчу — Гүлшаной Сатарова жана Илья Тяпкин барган. Алар алтын жана коло медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган борбор калаанын акимчилигинин сайтында кабарланган.

Сатаров аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Эске сала кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

© Фото / пресс-служба акимата города Нур-СултанУчастники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
© Фото / пресс-служба акимата города Нур-СултанУчастники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган
1/2
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
2/2
Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган

Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир марафончуга эстелик медаль тапшырылып, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0