Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык

© Sputnik / Табылды КадырбековБеттеш учурунда хоккейчи. Архив
Беттеш учурунда хоккейчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кыз-келиндер арасында хоккейди өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Айваз Оморканов — Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти" аталышындагы маалымат жыйынга катышты.

© Sputnik / Бегайым КасымбековаКР Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов
Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
КР Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов

Ага журналисттер "Кыргызстанда аялдар арасында хоккейге качан көңүл бурулат?" деген суроо узатышкан.

"Ысык-Көл облусунун Отрадное айылында кыз-келиндердин хоккей боюнча командасы түзүлүп, алар борборго чейин келип ойноп жүрүшөт. Бул нерсе бизди бир топ шыктандырды. Азыр Ысык-Көлдөн тышкары Бишкекте жана Нарында хоккей ойногон кыздар бар. Негизи кыздар арасында хоккейдин эркектердикинен бир аз айырмасы бар. Алардын баарын эске алуу менен кыз-келиндерди дагы бул спортко тартууга аракет көрүп жатабыз", — деди Жакыпов.

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0