Бокс машыктыруучусу. Архив

Өлкөнүн бокс боюнча машыктыруучулары толугу менен иштен кетмей болду. Себеби

646
(жаңыланган 11:56 29.09.2021)
Эреже боюнча, ар бир олимпиадалык циклде спорттун бардык эле түрүндө машыктыруучулар маселеси каралат. Алар жетишкен ийгилигине жараша кийинки мөөнөткө кайра дайындалышы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары толук курамы менен ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазышты. Маалыматты башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев Sputnik маалымат агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, машыктыруучулар штабы арызды кечээ беришкен.

"Биз жалпы тобубуз менен кызматтан кетерибизди билдиргенбиз. Буга өлкөдө бокска Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана Бокс федерациясы тараптан жетиштүү каржылоо болбогондуктан тиешелүү жыйынтык чыкпай калганы себеп болду", — деген ал.

Мамагенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Нурланбек Исмаилов алардын арызын канааттандырган эмес. Директор бул маселени териштирүү керектигин айткан.

Эреже боюнча, ар бир олимпиадалык циклде спорттун бардык эле түрүндө машыктыруучулар маселеси каралат. Олимпиадалык оюндарда көрсөткөн ийгилигине жараша кийинки мөөнөткө кайра дайындалышат.

Жусубалиев бул кадимки процедуралык маселе экенин, азырынча тыянак чыга электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, быйыл бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынан бир да мушкер лицензия ала албай, Токио Олимпиадасына катышпай калды.

646
Белгилер:
Кыргызстан, бокс, машыктыруучу, кызмат, орун, арыз
Тема боюнча
Футзал арбитри Букуев дүйнө чемпионатындагы беттешке башкы калыс болду
Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы ирет дүйнө чемпионатына катышат
Көк бөрү оюнчулары. Архив

Көк бөрү: республикалык мелдештин финалына Чүй менен Оштун улакчылары чыкты

148
(жаңыланган 19:05 22.10.2021)
Бүгүн өткөн жарым финалдык таймашта Чүй облусу Ысык-Көлдү 6:1 эсебинде утса, Ош облусу Таластын командасын 1:0 менен жеңди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Сокулуктагы "Белек" ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын финалында Чүй менен Ош облусунун командалары беттешет. Бул тууралуу аталган спорт боюнча федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн өткөн жарым финалдык таймашта Чүй облусу Ысык-Көлдү 6:1 эсебинде утса, Ош облусу Таласты 1:0 менен жеңген.

Аталган турнир өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына жана улуттук оюндун эрежелерин иштеп чыккан авторлордун урматына арналып өткөрүлүүдө. Мелдеш облустук форматта уюшулуп, ага өлкөнүн жети дубаны жана эки шаарынын командалары катышып күч сынашты.

Мелдештин үчүнчү оруну жана башкы байге үчүн финалдык беттештер 24-октябрда өтөт.

Эскерте кетсек, улуттук Көк бөрү федерациясынын уюшулганына быйыл чейрек кылым болду. Оюндун эрежелерин Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, Болот Шер, Мамыркожо Бөкөнбаев жана Жетиген Мааданов иштеп чыккан.

 

148
Белгилер:
Көк бөрү, Сокулук, мелдеш, чемпионат
Тема боюнча
Мээрим алдыга чыкты. Кыргыз балбандары UWW уюмунун рейтингинде секирик жасашты
Күрөш. Архив

Роман Сарыбаев ардагерлердин дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алды

191
(жаңыланган 10:44 22.10.2021)
Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар эки алтын, бир коло байге алган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Роман Сарыбаев эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

88 килограмм салмакта ат салышкан Сарыбаев финалда россиялык Булат Дашинимаевге 10:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Кыргызстандын ардагер балбаны баштапкы этапта өзбекстандык Усманжон Юсуповду, чейрек финалда казакстандык Абай Смагуловду, ал эми жарым финалда америкалык спортчу Жеймс Медейрону уткан.

Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар Талант Бегалиев (70 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында, Чынарбек Изабеков (100 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында чемпион болуп, алтын байге тагынышты. Ал эми 130 килограмм салмакта ат салышкан дагы бир балбан Сааданбек Ниязов коло медаль утту.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.

191
Белгилер:
күрөш, Греция, дүйнө чемпионаты, Кыргызстан, Лутраки
Тема боюнча
U23 дүйнө чемпионатына бара турган кыргызстандык балбандардын тизмеси
U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт