Көк бөрү эрежелерин иштеп чыккандардын урматына республикалык чемпионат өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү мелдеши. Архив
Көк бөрү мелдеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Турнир аталган оюндун эрежелеринин иштелип чыккандыгынын 25 жылдыгына жана анын авторлорунун урматына уюштурулат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы келерки айда аталган спорттук оюн боюнча республикалык чемпионат өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Турнир улуттук оюндун эрежелеринин иштелип чыккандыгынын 25 жылдыгына жана анын авторлорунун урматына уюштурулат.

"Эрежелердин иштелип чыкканына чейрек кылым толду. Биринчилик ушуга байланыштуу жана ал эрежелерди иштеп чыккан Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, Болот Шер, Мамыркожо Бөкөнбаев, Жетиген Маадановду эскерүү үчүн өтмөкчү", — деп айтылат билдирүүдө.

Республикалык чемпионат облустук форматта уюшулуп, ага өлкөнүн жети дубаны жана эки шаарынын командалары катышат.

Мелдештер 2021-жылдын 18-24-октябрь күндөрү Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылындагы "Белек" ат майданында өткөрүлөт.

Командаларды каттоо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында 17-октябрь күнү саат 17:30га чейин жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0