Антонина Шевченко UFC мелдешинде атаандашын жеңе алабы? Букмекерлердин болжолу

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер менен австралиялык атлет кыздын беттеши 2-октябрда (Бишкек убактысы менен 3-октябрдын таңында) Лас-Вегаста UFC Vegas 38 мелдешинде болот.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченконун австралиялык атаандашы Кейси О'Нилл менен болчу беттеште ийгиликке жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Мындай тыянакты букмекерлер чыгарды.

Беттеш 2-октябрда (Бишкек убактысы менен 3-октябрдын таңында) Лас-Вегаста UFC Vegas 38 мелдешинде болот.

"Марафонбет" кеңсесинин коэффициенттери: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 2,78, ал эми австралиялык спортчуга — 1,43. Favbet конторасынын көрсөткүчтөрү болсо О'Ниллге 1,44, ал эми Шевченкого 2,8. Эскерте кетсек, коэффициенттер канчалык төмөн болсо жеңүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.

Май айында Хьюстондо өткөн UFC 262 турниринде Антонина Шевченко америкалык Андреа Ли менен беттешип, утулуп калган. Кыргызстандык кыз үчүн бул ММА спортундагы үчүнчү жеңилиши болду. Ал жалпысынан сегиз беттеште уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0