Паратриатлонист Нурбек Тойчубаев

Сүйүнчү! Паратриатлончу Нурбек Тойчубаев Дүйнө кубогунан алтын утту

445
(жаңыланган 22:01 01.10.2021)
Триатлон боюнча эл аралык союздун сайтында жазылгандай, Тойчубаев жеңишке жеткен мелдеш бүгүн, 1-октябрда, болгон. Кыргызстандык спортчунун жыйынтыгы — 1 саат 6 мүнөт жана 19 секунд.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда биринчи алтын медалын алды. Бул тууралуу Facebook аркылуу Кыргызстандын Триатлон федерациясы кабарлады.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара Түркиянын Аланья шаарында болгон.

"Биздин Нурбек Тойчубаев аттуу спортчубуз өзүнүн PTS4 классында жеңишке жетип, дүйнөлүк мелдештерден өлкө капчыгына алтын медаль алып келди. Буга чейин спортчу дүйнө, Азия чемпионаттарында бир нече ирет коло, күмүш медалдардын ээси болгон", — деп айтылат маалыматта.

Көзү көрбөгөндөр арасындагы PTVI классында Жалалдин Абдувалиев менен аны коштоп жүргөн Андрей Ханадеев 6-орунду алгандыгы айтылды.

Триатлон боюнча эл аралык союздун сайтында жазылгандай, Тойчубаев жеңишке жеткен мелдеш бүгүн, 1-октябрда, болгон. Кыргызстандык спортчунун жыйынтыгы — 1 саат 6 мүнөт жана 19 секунд.

445
Белгилер:
Кыргызстан, Дүйнө кубогу, спорт, паратриатлон
Тема боюнча
Дубайдын чөлүндө 50 чакырым чуркаган Казбек. Кыргызстандык марафончунун маеги
Күрөш залында машыгып жаткан кыздар. Архив

Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги

100
(жаңыланган 13:52 28.10.2021)
Көчөт отургузула турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы баасы 43 миллион сомго бааланууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекке аялдар күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилди. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

"Жаштык" дирекциясынын аймагына зал куруу максатка ылайыктуу. Анткени аталган жайда бассейни бар спорт комплекси жайгашкан. Мында балбан кыздардын машыгуу процессине кошумча шарттар болот", — деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги машыгуу залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгууга киришти. Ал эми керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң курулуш иштери башталат.

Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объектинин курулушунун жалпы наркы залдын сметасы толук иштелип чыккандан соң белгилүү болот.

Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Зал пайдаланууга берилгенден кийин имарат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Буга чейин мындай чечим президенттин тапшырмасы менен спортчуларды колдоо жана стимул берүү, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылган.

 

100
Белгилер:
спорт, курулуш, күрөш
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат
Оморканов: жер маселеси чечилсе хоккей аренасы курулат

"Ливерпулдун" футболчусу "чаян сокку" менен өзгөчө гол киргизди. Видео

85
(жаңыланган 12:19 28.10.2021)
Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Дивок Ориги "чаян сокку" ыкмасы менен тээп, мыкты гол киргизди.

Кечээ Англия лигасынын кубогу мелдешинде "Ливерпуль" менен "Престон" клубдары беттешкен. Юрген Клопптун мерсисайддык шакирттери атаандашын 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга өтүштү.

Ливерпулдуктардан голдорду япониялык Такуми Минамино жана бельгиялык Ориги киргизди.

Ориги мерсисайддык клубда негизги курамдын оюнчусу эмес. Башкы насаатчы Клопп Англиядагы эң мыкты командалардын бири болгон "Ливерпулда" футболчулар үчүн атаандаштык күч экенин айтат.

85
Белгилер:
футбол, Ливерпуль ФК, гол, чаян сокку, Дивок Ориги
Тема боюнча
"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу
Казакстандык футболчу кыз "чаян сокку" ыкмасында өзгөчө гол киргизди. Видео
Аткаминер. Архив

Кагаздиев Нурдин Маратбекович өмүр баян

0
Нурдин Кагаздиев 1985-жылдын 23-сентябрында туулган. Жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Жусуп Баласын атындагы Улуттук университетти аяктаган.

Эмгек жолу:

  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дары-дармек жана медициналык каражаттарды сертификациялоо бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары;
  • 2021-жылдын октябрь айында Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
0
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, дары-дармек, Өмүр баяны, биография, таржымал
Тема боюнча
Баетов Аяз Батыркулович — өмүр баян
Козубеков Нурбек Азимканович — өмүр баян