Антонина Шевченко атаандашы Кейси О'Ниллге жеңилип калды. Нокауттун видеосу

© Фото / Roger AllenКыргызстандык мушкер кыз Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык мушкер кыз Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу кыз ММА спортунда жалпысынан сегиз беттеште уткан. Бул анын экинчи ирет удаасы менен жеңилиши болду.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер кыз Антонина Шевченко UFC мелдешинин кезектеги беттешинде жеңилип калды. 3-октябрдын таңында өткөн UFC Vegas 38 турниринде ал австралиялык Кейси О'Нилл менен кез келген.
АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн беттештин экинчи раундунда Шевченко техникалык нокаут менен жеңилүү ызасын тартты.
Бул кыргызстандык атлеттин удаасы менен экинчи жеңилүүсү. Май айында Хьюстондо өткөн UFC 262 турниринде Антонина Шевченко америкалык Андреа Ли менен беттешип, утулуп калган. "Пантера" каймана аты бар кыргызстандык кыз үчүн бул ММА спортундагы төртүнчү жеңилиши болду. Ал жалпысынан сегиз беттеште уткан.
Антонина - UFC чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0