Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот

© Фото / Ассоциация футзала Кыргызской РеспубликиФутзал боюнча FIFA калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев. Архив
Футзал боюнча FIFA калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Дүйнө биринчилигинин алтын байгеси үчүн таймаш бүгүн, жекшембиде, кечинде өтөт. Анда Аргентина менен Португалия курама командалары беттешет.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Футзал боюнча FIFA калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев Литвада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине башкы калыс болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы Instagram баракчасына чыгарды. 
Футзал боюнча 2021-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши бүгүн, 3-октябрда, кечинде өтөт. Анда Аргентина менен Португалия курама командалары беттешет.
"Букуевге египеттик Хасан Мохамед жана жаңы зеландиялык Кристофер Синклайр көмөктөшөт. Ирандык Наземи Галер резервдеги калыс болсо, америкалык Жош Уивилкенс беттештин убактысына жоопкерчилик (хронометрист) кылат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык Букуев азыркы тапта футзал боюнча төрт чемпионаттын беттештерин тейлеген дүйнө жүзүндө алгачкы жана жападан жалгыз арбитр болуп саналат.
Церемония приветствия призеров и участников Олимпийских игр в Токио на площади Ала-Тоо  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Акжол Махмудов машыктыруучусуна Lexus автоунаасын белек кылды. Сүрөт
2019-жылы ал өлкөнүн башкы футбол уюмунун FFKR Football Awards версиясы боюнча мыкты футзал калысы деп табылган. Сыйлык КРдин футбол федерациясы (КФСтин мурдагы аталышы) тарабынан уюштурулган.
Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Ал Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыстык милдетти аткарууну кыялданарын, көксөөсү быйылкы мелдеште орундалып калышы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0