Бүгүн Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында күрөшөт

© Фото / UWW / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Бүгүн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү башталат. Анда 55 жана 62 килограмм салмактагы атлеттер таймашка чыгышат.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган.
Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар таймашы менен башталат. Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) килемге чыгат.
Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.
Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0