Атаандашын ургулап, башынан сылап... "Тайсондун" Алматыдагы жеңиши видеодо

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушкер Канат Келдибеков. Архив
Мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу беттештин экинчи раундунда казак спортчусун кайра-кайра ургулап, рефери техникалык нокаут жарыялаган.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков катар жеңилүүлөрдөн кийин чыккан беттешинде ийгилик жаратты.
Мушкер Казакстандын Naiza FC лигасынын алкагында жергиликтүү спортчу Бектур Сырымды утуп алган.
Турнир кечээ, 3-октябрда, Алматы шаарында болду.
Кыргызстандык спортчу беттештин экинчи раундунда казак спортчусун кайра-кайра ургулап, мындан улам рефери техникалык нокаут жарыялаган.
Бул — "Тайсондун" үч ирет катары менен утулгандан кийинки биринчи жеңиши. 2020-жыл спортчу үчүн ийгиликсиз болгону беттештеринин статистикасы көрсөтүп турат. Келдибеков жалпысынан 20 кармашты утуп, 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0