Аз жерден алдыра жаздап... Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди. Видео

© Фото / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кыз-келиндер күрөшү бүгүн башталды. Анда 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчу кыздар таймашып жатышат.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин утту. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөтүүдө.
Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен кез келип, айыгышкан кармашуудан соң 6:4 эсебинде жеңишке жетти.
Беттештин биринчи бөлүгү Айсулуу үчүн ийгиликсиз болду. Атаандашы эки ирет артына өтүп, төрт упай алууга жетишти. Натыйжада 4:0 эсеби менен япониялык балбан артыкчылык кылды.
Бирок экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан күчтөнүп удаа-удаасы менен чабуул жасады. Бирде каршылашынын артына өтүп, бирде тегерек чийинден сүрүп чыгып алты упай алып койду.
Кыргызстандык грек-рим балбаны Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
UWW дүйнө чемпионатынын ролигине Тыныбекованын эң кызык учурун чыгарды
Тыныбекова чейрек финалда Мерве Карадеңиз (Түркия) менен Вероника Иванова (BLR) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. Бүгүн кыз-келиндер бөлүгүндө 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышат. Турнир 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0