Эрназар Акматалиев таң калтырган ыкмалары менен чейрек финалга чыкты. Видео

© Фото / UWW / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архивное фото
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 70 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, биринчи беттешинде Шри-Ланкадан келген балбанды 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурун утуп алды.
Андан соң 1/8 беттеште армениялык Арман Андреасян менен кез келип, 11:2 эсебинде жеңди. Алгач кыргызстандык балбан атаандашына эки упай алдырып жиберди. Андан соң чабуулга өтүп, өзгөчө ыкмаларды колдонуп, катары менен упай алып жатты. Армениялык спортчу Акматалиевди көтөрүп чабууга аракет кылганда кыргызстандык балбан кайра өзүнө каршы ыкма жасоого жетишти.
Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасынын катышуучусу.
Жаңылыктар түрмөгү
0