Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев. Архив

Күрөштөн кийин талашып-тартышып... Акматалиевдин ирандык балбанды уткан видеосу

3204
(жаңыланган 18:24 04.10.2021)
Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Кыл чайнаш кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахи менен кез келип, беттеш 8:8 менен жыйынтыкталды. Акматалиев акыркы упайды жасаганы үчүн артыкчылык берилип, жеңүүчү деп табылды.

Бирок мындай чечим бир катар талаштан, калыстардын ыкма жасалган учурлардын видеосун кайра-кайра карагандан соң чыгарылды.

Эми Акматалиев жарым финалда россиялык Евгений Жербаев менен кармашат.

70 килограмм салмак категориясында күч сынашып жаткан Эрназар чейрек финалда армениялык балбанды, 1/8 финалда Шри-Ланкадан келген балбанды уткан. 

3204
Белгилер:
Эрназар Акматалиев, эркин күрөш, дүйнө чемпионаты, жарым финал
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Айсулуу атаандашын таза жеңиш менен утуп, жарым финалга чыкты
Эрназар Акматалиев таң калтырган ыкмалары менен чейрек финалга чыкты. Видео
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

25
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

25
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Кыргызстандык калыстар Тажикстандын футзал чемпионатынын финалында

Тажикстандын футзал чемпионатынын финалын кыргызстандык калыстар тейледи. Сүрөт

90
(жаңыланган 14:07 25.10.2021)
Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалында "Сипар" менен "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти. Маалыматты өлкөнүн Футболдук союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти

Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди.

"Оюндар 23-24-октябрда Худжанд шаарындагы "Касри Варзиш" спорттук комплексинде өттү. Кыргызстандык калыстар эки беттешти тейлешти. Тажикстандын футболдук уюму финалдык беттештерди бейтарап тейлеп берүүнү өтүнүп бизге кайрылган. Биз аны кабыл алып, мыкты адистерди жибергенбиз. Эки беттеш тейленди, биздин арбитрлердин ишине карата эч кандай сын, терс пикир айтылган жок", — деди Букуев.

Ал ошондой эле эгер тажик тарап чечүүчү беттешти тейлөө боюнча өтүнүч келтирсе, КФС ага калыс жиберүүгө даяр экенин кошумчалады.

Финалдык сериядагы жалпы эсеп 2:2 болду. Чемпиондуктун тагдырын чечкен оюн 30-октябрда Душанбе шаарында өтөт.

90
Белгилер:
Кыргызстан, футзал, калыс, Тажикстан, чемпионат, финал, беттешүү, тейлөө
Тема боюнча
Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдеши башталат
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

0
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев акимдердин аймактарда "хан" болуусуна "жаран өзү туулуп өскөн аймакта аким боло албайт" деген норма жол бербей турганын белгиледи.

Акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейиши — бул чоң жоопкерчилик. Аны эбегейсиз бийлик катары баалоонун өзү жаңылыштык. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

Анын айтымында, эми акимдерден кемчилик кетсе түз эле сөз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке тиет.

"Райондук администрациясынын жетекчиси аймактарда "хан" болуп алат дегенге макул эмесмин. Биринчиден, мыйзамда жаран өзү туулуп өскөн аймакта жетекчилик кызматты аркалай албай турганы жазылган. Бул фундаменталдуу нерсе. Анткени ротация менен башка аймакка барып алып түшпөс жетекчи болууга эч кандай негиз жок. Акимдердин эң негизги максаты — президенттин саясатын жер-жерлерге жеткирип, аймакты өнүктүрүү боюнча милдеттерди аткаруу. Экинчиден, акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейишинин аркасында чоң жоопкерчилик бар. Себеби мындан ары акимдер, жергиликтүү жетекчилер кемчилик кетирсе түз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке сөз тиет. Анын үстүнө бүгүнкү күнү коомчулук кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды ишке ашырууга жол бербейт. Ошондой эле мыйзамда акимдерди иштен алуу механизми так көрсөтүлгөн. Эгерде алар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, мыйзамдарды аткарбаса, ишенимден кетсе иштен алынат", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал мыйзам бийлик вертикалынын бекемдей турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Данир Иманалиев, аким, мыйзамдар, аймактар
Тема боюнча
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам