Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов. Архив

Мушкер Мамашов UFC уюмунун экс-мушкерин жыга чаап утуп алды. Видео

3160
(жаңыланган 10:40 05.10.2021)
ACA 130 мелдешиндеги беттеш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү. Кыргызстандык мушкер кезектеги беттешин нокаут менен утту.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов кезектеги атаандашын нокаут менен утту. Спортчунун атаандашын кыйратуучу сокку менен бүк түшүргөн видеосун белгилүү ММА менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Мамашов UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен кез келип, таймаштын экинчи раундунда аны сулата чапкан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен.

Беттеш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү.

Кыргыз мушкери аталган уюмда буга чейинки үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Мамашов ММА спортунда жалпысынан 17 беттешке чыгып, 15 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан.

Мамашовдун эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын 2021-жылдын жарым жылдагы мыкты нокауту деп табылган.

3160
Белгилер:
Алтынбек Мамашов, беттешүү, нокаут
Тема боюнча
UFC 266: мушкерлердин ар бир соккусун даана көрсөткөн видео
Атаандашын ургулап, башынан сылап... "Тайсондун" Алматыдагы жеңиши видеодо
Күрөш залында машыгып жаткан кыздар. Архив

Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги

152
(жаңыланган 13:52 28.10.2021)
Көчөт отургузула турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы баасы 43 миллион сомго бааланууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекке аялдар күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилди. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

"Жаштык" дирекциясынын аймагына зал куруу максатка ылайыктуу. Анткени аталган жайда бассейни бар спорт комплекси жайгашкан. Мында балбан кыздардын машыгуу процессине кошумча шарттар болот", — деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги машыгуу залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгууга киришти. Ал эми керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң курулуш иштери башталат.

Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объектинин курулушунун жалпы наркы залдын сметасы толук иштелип чыккандан соң белгилүү болот.

Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Зал пайдаланууга берилгенден кийин имарат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Буга чейин мындай чечим президенттин тапшырмасы менен спортчуларды колдоо жана стимул берүү, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылган.

 

152
Белгилер:
спорт, курулуш, күрөш
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат
Оморканов: жер маселеси чечилсе хоккей аренасы курулат

"Ливерпулдун" футболчусу "чаян сокку" менен өзгөчө гол киргизди. Видео

173
(жаңыланган 12:19 28.10.2021)
Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Дивок Ориги "чаян сокку" ыкмасы менен тээп, мыкты гол киргизди.

Кечээ Англия лигасынын кубогу мелдешинде "Ливерпуль" менен "Престон" клубдары беттешкен. Юрген Клопптун мерсисайддык шакирттери атаандашын 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга өтүштү.

Ливерпулдуктардан голдорду япониялык Такуми Минамино жана бельгиялык Ориги киргизди.

Ориги мерсисайддык клубда негизги курамдын оюнчусу эмес. Башкы насаатчы Клопп Англиядагы эң мыкты командалардын бири болгон "Ливерпулда" футболчулар үчүн атаандаштык күч экенин айтат.

173
Белгилер:
футбол, Ливерпуль ФК, гол, чаян сокку, Дивок Ориги
Тема боюнча
"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу
Казакстандык футболчу кыз "чаян сокку" ыкмасында өзгөчө гол киргизди. Видео
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова

Кул мүнөз адамдар кайдан чыгат? Франциядагы психолог Зейнегүл менен маек

84
(жаңыланган 20:33 28.10.2021)
Кыргызстандык Зейнегүл Кудайбергенова учурда Франциянын Лион шаарында психолог болуп эмгектенет. Атайын клиникада иштеп, жеке кабинет да ачкан. Европада окуган 36 жаштагы Зейне учурда бардык психологиялык маселелер боюнча адис.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы психолог Зейнегүл Кудайбергенова менен байланышып, андан социалдык психологияга байланышкан бир катар суроолорго жооп алган.

— Kgpsycom долбоорунун үстүндө иштеп жатыпсыздар. Кененирээк айтып берсеңиз?

— Кыргызстандыктарга психологиялык жардам көрсөтүүчү ыктыярчылар долбоорун баштаганыбызга үч ай болду. Бирок идея жарым жыл мурда эле жаралган. Буга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү психологдор менен чогуу иштешким келгени түрткү берди. Алгач соцтармак аркылуу эки-үч психолог менен кеңешип, анан тексттерди жайылтып, видео тартууну жана кыргыз тилинде сайт түзүүнү сүйлөштүк. Анткени кыргызча психологиялык китеп, макалалар аз же такыр эле жок. Психологдордун бардыгы орус же башка тилдерде билим алышкандыктан кыргыз тилдүү аудиториянын бул жаатта маалыматы аз. Ал ортодо Баткендеги каргашалуу окуялар болуп кетти. Мындай учурда ар бир кыргыз кайдыгер карап отура албаса керек. Германиядагы IT-адис Азамат Токтакунов баткендиктер менен түз байланышууга мүмкүн болгон платформа жасап берди. Дароо таблица түзүп, телефон номерлерибизди жазып, стресске кабылган мекендештерге жардам бере баштадык. Башында дүйнөнүн ар тарабында иштеген кыргызстандык психологдордун көбү көмөктөшүүнү каалаган, акыры эки-үчөөбүз эле калдык. Бизге көбүнчө жеке көйгөйлөрүн айтып кайрылышат. Бирок азыр демөөрчүлөрдүн колдоосуна да муктажбыз.

Платформада ар бир психолог өзүнө жакын ар кандай темада макала жазса болот. Эч кандай милдеттеме жок. Эми чет жердеги IT тармагында иштеген балдар бизге кыргызча психология деген аталыштагы сайт жасап берүүнү убадалашууда. Ал жакта жалаң эне тилибиздеги подкасттар, макалалар, видеолор болот. Алдыда семинар, лекцияларды өткөрүүнү пландоодобуз. Азыр дүйнө алдыга жылып, психология да өнүгүп жатат. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, сүйлөшүүсү да башка. Ошол себептен биз да бир орунда турбашыбыз керек деген ойдомун.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Азыр дүйнө алдыга жылып, психология да өнүгүп жатат. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, сүйлөшүүсү да башка. Ошол себептен биз да бир орунда турбашыбыз керек.

— Ар бир улуттун менталитети болгондой эле психологиялык да өзгөчөлүктөрү болсо керек?

— Албетте, адамдын психологиясына менталитети жана маданияты да таасир этет. Анын кандай чөйрөдө чоңойгону, жашоосунун контексти, кайсы улуттан экендиги жана өз улутунун маданий өзгөчөлүгүн билип, түшүнгөнү абдан маанилүү. Бир нече маданияттын ортосунда чоңойгон адамдар да бар.

Жеке маданиятыбыз ой жүгүртүү процессибизге, ишенимибизге, баалуулуктарыбызга жана бирөөгө жасаган мамилебизге таасир этет. Ар бир улуттун психологиясында айырмачылыктар, ошондой эле универсалдуу жактары да бар.

Адис катары башка улуттагы, ар түрдүү маданиятта өскөн адамдардын психологиясын түшүнүү мага оор эмес. Азыр Эфиопиядан келген бала менен иштеп жатам. Аларда бардык психикалык ооруларды "шайтан басып алды, жаман духтар, башка жан кирип кетти" деп түшүнүшөт. Ал эми психолог буга сый мамиле жасашы керек. Четке кагуу мүмкүн эмес.

Адамдын өз маданияты, салт-санаа, үрп-адаты менен терең байланышта болгону абдан маанилүү. Францияга Алжирден, Түндүк Африкадан келген мигрант ишкерлер адаптациялашуу максатында балдарын француз мектептерине берип, үйүндө да французча сүйлөшө башташкан. Кийин алардын бала-бакырасынын иденттүүлүгү боюнча маселе жаралып, "мен киммин?" деген суроого жооп таппай кыйналышты. Азыр үйүндө кайрадан эне тилинде сүйлөшүп, өз маданиятына кайтышууда. Бул адамда прогресс болгондугун билдирет. Жакшы интеграция болуу үчүн адам эки маданиятты тең батыра билүүсү керек. Улуттук баалуулуктарыбызды унутсак урпактарыбыз өзүнүн кимдигин тааный албай, жашоодо ордун таппай кыйналат. Алар канындагы маданиятын, менталитетин таанып, аны менен байланышта болушу керек.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Адамдын өз маданияты, салт-санаа, үрп-адаты менен терең байланышта болгону абдан маанилүү

— Кыргыздарда, өзгөчө, улуу муун арасында ата-энесинен жөнөкөй эле "мен сени жакшы көрөм, кыйын баласың" же "сен сулуу кызсың" деген сөздү укпагандар абдан көп. Мындай жагдай терс таасир тийгизет дешет. Негизи кандай?

— Ооба, туура айтасыз. Биздин салтта да ички сезимибизди түз билдирүү маданияты жок. "Мен сени жакшы көрөм" же "сага капа болуп жатам" деп бетке айтпайбыз. Эмнегедир азиялыктар ички сезимин ачып көрсөтпөйт. Кыргыздар гана эмес кытай, таиланд, вьетнам, япондордо да ушул сапат бар. Биз коллективдешкен коомдо "жан дүйнөнү ачууга болбойт" деген менталитет менен жашайбыз. Бирок дүйнөдө универсалдуу маданияттын жайылышынан улам балдарыбыз да өзгөрүүгө дуушар болуп жатышат. Азыр индивидуалдуу психологияга басым жасалып, жаңы түшүнүктөр калыптанууда.

Кээ бирлер мага ата-энеси ага эч качан "сени жакшы көрөм", "сенин колуңдан келет", "сага ишенем" же "сыймыктанам" деп айтпаганына даттанышат. Кадимкидей көңүлү ооруйт. Бирок мурда улуу муундарда "жакшы көрөм", "сен мен үчүн баалуусуң" деген сөздү айтуу маданияты калыптана элек болчу. Акырындык менен бул көрүнүштөр жөнгө салынып, ата-энелер да балдарына сезимин түз билдирип калышты. Бирок ата-эненин "жакшы көрөм" деген сөзүн укпаган балдардын баарынын эле психологиясына доо кете бербейт. Жакындарынан жакшы сөз укпастан жалаң орой мамиле менен ур-токмокко дуушар болгон жана кандайдыр бир таарынычы бар баланын гана психологиясы бузулат. Бала ата-энесинин ишаратынан, камкордугунан эле жакшы көрөрүн сезип турат, өзүн керексизмин деп эсептебейт. Бул адамдын сезимталдуулугуна да жараша болот. Эгер бала өзгөчө сезимтал болсо, анда ага айтып туруу керек. Мындай адамдар баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Жакындарынан жакшы сөз укпастан жалаң орой мамиле менен ур-токмокко дуушар болгон жана кандайдыр бир таарынычы бар баланын гана психологиясы бузулат.

— Коллективдешкен жана индивидуалдуу маданияттын кандай айырмачылыгы бар?

— Менимче, биз эки маданиятты тең карманып, орток позицияда болушубуз керек. Коллективдешкен маданияттын да көп жакшы жери бар. Мында адамдар тыгыз байланышта болгондуктан кайдыгерликтен алыс, бири-бирине карамдуу болушат. Биз ата-энебизге күйүп-бышып, аларды бакканга аракет кылабыз. Алар балдары үчүн баарын берип, жакшы чоңойтууга бел байлашат. Бирок замандын агымы менен индивидуалдуу маданиятты да көзгө илбей коюуга болбойт. Анткени жаштарыбыз башка дүйнө менен байланышып, чет өлкөдө окуп, маалымат алып жатышат. Биздин маданиятыбыз да башкаларга кызыктуу болуп, биз да бөлөктөрдү түшүнө билүүбүз заман талабы. Индивидуалдык маданиятта адам көбүнчө өзүн-өзү таанууга аракет кылат. Анткени мында адамдын жеке жашоосу, бакыты, жетишкендиги, ою, сезими баалуу деп каралып, биринчи орунга чыккан.

— Бизде кичинекей баланы же аялын уруп-соккону видеого түшүп калган фактылар көп. Баланы уруп тарбиялоо туура эмес экендигин кантип элге жеткирүүгө болот?

— Алгач баланы анча-мынча жазалап койгон ата-энени түшүнүүгө аракет жасап көрсөк. Негизи мындай нерсе адам стрессте жүргөн убакта болот. Мисалы, үч-төрт баланын апасы жумуштан чарчап келип, үйдөгү балдардын ызы-чуусуна чыдабай алардан жинин чыгарып же катуу сүйлөп алышы мүмкүн. Бул, албетте, аны кечирип же бирөөнү урса болот деген сөз эмес.

Ошондой эле кичинесинде таяк жеп чоңойгондор сөзсүз баласына кол көтөрөт. Алар токмоктоп тарбиялоонун кесепети кандай болорун түшүнбөйт. Көбү "мени ушинтип эле тарбиялашкан. Эч нерсе болбойт. Жакшы эле адам болуп турбаймынбы" деген ойдо болот.

Ошентсе да акыркы кезде биздин коомдо да жакшы өзгөрүүлөр байкалат. Бирок ал глобалдуу болушу абзел. Буга психологдордун гана эмес, дарыгерлердин, мугалимдердин, драматургдардын, актёр жана журналисттердин да салымы зор. Негизи уруп, урушуп чоңойтуу прогрессивдүү коомдогу көрүнүш эмес. Анткени бул коом илим-билимге таянып иш алып барат. Дүйнөлүк антрополог, психолог, социологдордун ондогон жылдар бою жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында, оор кылмышка барган мыкаачы, ачуусу чукул, өзүнө ишенбеген жана психикалык ар кандай ооруга кабылган адамдардын профилинен бала чагында шылдыңга көп кабылганы, басынтуу же ур-токмок менен чоңойгону далилденген. Мындайлар мыкаачы же болбосо жалтак болуп калыптанышат. Айрымдардын кул мүнөз болуп калганы да ошондон.

Таяк жеп, психологиялык кысымды көп көргөн баланын ой жүгүртүүсү өзгөрүп баштайт. Маселе чечүүдө да өзүнө ишенбей жалтактык кылат. Анын башкы максаты маселени чечүү эмес, "муну чече албай калсам таяк жеп же жаман көрүнүп калам го" деп кооптонот. Мындан улам башкаларга оюн айта албаган адам калыптанат. Булар жашоодо өздөрүнө жаман мамиле кылган "кожоюнду" таап алат да, ошолорго курмандык болуп жүрө берет.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Кичинекей наристе көп учурда ата-энесинин жашоо образын туурайт же аны модель катары кабыл алат.

Азыр позитивдүү психология келе жатат. Психологиянын өзгөргөнүнө жараша дүйнөлүк тенденцияда балдарды мактоо жана колдоо менен гана өстүрүү абзел. ЮНЕСКОнун балдарды коргоо программасында да позитивдүү психологияга басым жасалган. Эгер баланы мактап, ага ишеним артып, акылдашып, кеңешип иш алып барсаң, тарбиясы да жакшы болот.

Кичинекей кыз атасынын апасын уруп, шылдыңдап, кемсинтип жатканын көрүп чоңойсо, так ошондой күйөөгө тиет. Анткени көргөнүнө, өскөнүнө жараша ушундай эркекке аң-сезими тартылат. Ошондой эле ата-энеси кызын уруп, кемсинтип, урушуп чоңойтсо ал кийин мыкаачы күйөөгө жолугат. Бул психологиядагы мыйзам ченемдүүлүк. Кичинекей наристе көп учурда ата-энесинин жашоо образын туурайт же аны модель катары кабыл алат.

— Социалдык тармактын кыргыз сегментинде кайсы бир көрүнүшкө агрессивдүү пикир калтырып, терс реакция жасаган учурлар көп кездешет. Же бул тенденция дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө байкалабы?

— Биз экономикалык жактан кыйналган, өнүгүүсү артта калган мамлекетпиз. Канча киши мигрант болуп иштеп же окуганы чет өлкөгө кетти. Жумушсуздук, айлык аз жашоодон чарчап, кыялданууну унутуп, келечекке үмүт артпай калган адамдар буга күнөөлүүлөрдү издейт. Алар ачуусун чыгарып алууга соцтармакта жакшы шарт түзүлгөндөй сезишет. Экран артында жоопкерчилик жок болгондуктан терс эмоцияларды тартынбай чыгарышат.

Бул коомубузда өз оюн сый менен жеткирүү, эмоцияны башкаруу маданияты жана ачуусун башкалардан чыгарбоо өңдүү эмоционалдык интеллект кеңири калыптана электигинен кабар берет.

84
Белгилер:
психолог, Франция, бала, үй-бүлө, Зейнегүл Кудайбергенова
Тема боюнча
Невролог Карбозова: Паркинсон оорусуна эркектер көп чалдыгат