Дагы 10:0! Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалда ал россиялык спортчу Марина Суровцеваны 10 упай айырмасы менен утуп алды. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөтүүдө.
Балбан кыздар 76 килограмм салмак категориясында ат салышууда.
Кыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу
Айпери атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей бир жарым мүнөттүн ичинде 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утту. Жарым финалда кыргызстандык балбан эстониялык Эпп Мяэ менен кармашат.
Буга чейинки этапта Айпери Медет кызы болгариялык атаандашын дагы 10:0 эсеби менен жеңген.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0