Кырызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив

Жаңы тарых! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту

2682
(жаңыланган 22:55 05.10.2021)
Беттештин биринчи бөлүгү Эрназар үчүн ийгиликтүү болуп, бирок экинчи бөлүгүндө бир упайлык айырма менен жеңилүү ызасын тартты.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында польшалык Магомедмурат Гаджиевге жеңилип калды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ыкма жасай алган жок. Бирок Эрназар атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн бир упай алды. Ал эми экинчи бөлүктө пассивдүү болгону үчүн каршылашына бир упай берилди. Андан соң Гаджиев кыргызстандык балбанды тегерек чийинден сүрүп чыгып, дагы бир упай алды. Натыйжада 2:1 эсеби менен Гаджиев утуп кетти.

Бирок ошого карабай Эрназар Акматалиев жаңы тарых жаратты. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан алгачкы балбан болуп калды. Буга чейин өлкөнүн капчыгында коло гана бар болчу.

70 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Эрназар баштапкы этапта Шри-Ланкадан келген балбанды, 1/8 финалда армениялык балбанды, чейрек финалдык кыл чайнашкан кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахини утуп алган эле. Ал эми россиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсеби менен жеңип, финалга чыккан.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

2682
Белгилер:
Эрназар Акматалиев, күрөш, дүйнө чемпионаты, жеңиш
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу
Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Осмонов дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Видео
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

3
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

3
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

7
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

7
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады